Шабдан баатыр

Википедия дан
Шабдан Жантай уулу‎»‎ барагынан багытталды)
Шабдан Жантай уулу
Шабдан Жантаев
Туулган жери

Чүй областы, Кемин району, Чоң Кемин

Жарандыгы

кыргыз

Ишмердүүлүгү

мамлекеттик жана аскер ишмери

Атасы

Жантай Карабек уулу

Сыйлыктары

Төртүнчү даражадагы Георгий жылдызы

Шабдан баатыр айкели, Бишкек шаары

Шабдан Жантай уулу (1839, Чүй өрөөнү, Көк-Жар жайлоосу, азыркы Чүй ооданы Он бир жылга айыл өкмөтү - 1912) - Чүй, Кемин өрөөнүндө жашаган сарыбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан манап, саясий, коомдук ишмер. Жантай Карабектин уулу. Жаш кезинен эле саясий турмушка аралашкан.

1860-жылдын акырында Кокон хандыгынын колбашчысы Канат шаага кошулуп, Ташкенге барган. Узун-Агачтын жанындагы орус аскерлерине каршы урушка катышкан. Ташкен шаарын коргоодо көрсөткөн каармандыгы үчүн Кудаяр хан аны Түркстан шаарынын беги кылып дайындаган. Ал Токмоктогу уезддин начальниги жана Жети-Суу аскер губернатору менен тыгыз байланышта болгон.

1876-77-ж. генерал Скобелевдин алайлык кыргыздарды Орусиянын карамагына өткөрүү ишине көмөк көрсөткөн.

1883-ж. ал падыша Александр ІІІнүн тактыга отуруу аземине катышып, аскер старшинасы наамын алган, алтын саат менен сыйланган.

1884-ж. ага жылына берилүүчү 300 сом пенсия чектелген. 1909-ж. Чоң-Кеминде жаңы усулда сабак өткөрүүчү медресе салдырган. 65 жашында ажыга - Меккеге барган. Шабдандын өмүр баяны, ишмердиги Осмонаалы Сыдык уулунун «Тарых-и кыргыз шадманийа» аттуу 1914-ж. Уфадан басылып чыккан эмгегинде жазылган. Эстелиги Бишкек шаарында жана Кемин шаарчасына орнотулган.