Кенжекара Калча уулу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кенжекара Калча уулу (1859-1929) - манасчы, семетейчи, кыл кыякчы.

Солто элинин Күнтуу уруусундагы дандыбай уругунан.
Манасчылыктын салттуу түрүнөн айырмаланып, эпосту аспаптын (кыл кыяк) коштоосу менен аткарган семетейчи Кенжекара Калча уулу 1859-жылы Пишпекте төрөлгөн.
1903-жылы анын аткаруусундагы “Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү” жана “Ак бала баатыр жөнүндө ыр” деген чыгарма сүрөтчү Б.Смирнов тарабынан үнжазгычка жазылып алынган. Ал орус тилине кара сөз түрүндө которулуп, 1914-жылы Москвадан “В степях Туркестана” (“Түркстан талааларында”) деген ат менен жарыяланган. Бул тууралуу сүрөтчү өзү мындайча эскерет: “Жөнөкөй тери тон кийген, башында шуңшуйган калпагы бар, колуна куржун кармаган кичинекей жалпак кыргыз жакындап келип, шашпай аттан түштү. Бөлмөгө киргенде Кенжекара калпагын алып, топучан калды. Ал орто жашап калган киши эле. Жерге малдаш токунуп отуруп, куржундан аспабын (кыл кыягын) алып чыкты. Бул аспап биздин скрипкага окшогон кылы бар... музыкалык аспап эле. Ырчы кыяктын кылын кармап көрүп, бир-эки жолу чалды...
Ал көкүрөктүн тереңинен коңур үн чыгарды. Бул музыкадан жана ырдоодон болгон таасирди айтуу кыйын... Кекиртек менен ырдалган үн музыканын өзүнө ылайык келип, жарашып турду. Бул ырчы талаа элине жагат. Балким, ал үн чыгарып жатып, кыргыздын элдик оозеки чыгармасында тигил же, бул чыгармасын айкалыштырып, ырдын мазмунун түзүп жатса керек. Чыныда бул анык ырчы-баян болсо керек. Ал ырдап жатканда угуучуларга такыр караган жок. өзүн курчап турган кишилерди унутуп койгондой болду”.
Сүрөтчүнүн мына ушул маалыматынан улам, балким, Кенжекара тектеш элдер ырдап жүргөн азыркы көмөкөйдөн ырдоону (гортанное пение) билгенби деген да ой келет. Албетте, кичинекей, чакан үзүндү жазылып алынганына карабастан, Кенжекаранын варианты өзүнчө өзгөчөлүккө жана айырмачылыктарга ээ. Эгерде, андан да эпос толук жазылып алынганда, улуу жомоктун чексиз кыйыры дагы бир өзгөчөлүк менен толукталмак деген ойдобуз.