Кыргызпатент

Википедия дан
Кыргызпатенттин логотиби

Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент)- 1993-жылы Кулжа айынын (июнь) 15де Кыргыз Республикасынын № 262 токтому менен Мамлекеттик илимий жана жаңы маалымат технологиялар боюнча комитеттин алдында Патенттик башкарма ачылган.

Кыргызпатент тууралуу жоболор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү тармагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну жүргүзүүчү, аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп эсептелинет.
  2. Кыргызпатент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелинет, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алган.
  3. Кыргызпатент юридикалык жак болуп эсептелет, анын өз алдынча балансы жана ага бекитилип берилген мүлкү, банктык мекемелерде алыш-бериш (анын ичинде валюталык) жана башка эсептери бар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаңы эсептерин ачууга укуктуу.

Кыргызпатенттин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өз аталышы менен мөөрү жана башка белгиленген үлгүдөгү мөөрлөрү, штамптары, бланктары бар.

  1. Кыргызпатент жана анын ведомстволук уюмдары Кыргыз Республикасынын бирдиктүү интеллектуалдык менчик системасын түзөт.
  2. Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын атынан интеллектуалдык менчик объектилерине коргоо документтерин берет.
  3. Кыргызпатент ушул Жободо белгиленген жана ага карама-каршы келбеген ыйгарым укуктардын чегинде өз ишин өз алдынча уюштурат жана ишке ашырат.

Кыргызпатенттин максаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Максаты - интеллектуалдык менчикти коргоону камсыздоо жана инновациялык ишти өнүктүрүү.

Кыргызпатенттин милдеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызпатенттин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- интеллектуалдык менчик объектилерине жана салттуу билимдерге укуктук жактан коргоого шарт түзүү жана аны камсыз кылуу;
- адабият, искусство жана илим жаатындагы чыгармачылыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле келечектүү илимий-техникалык иштелмелерди илгерилетүүгө жана интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштырууга көмөк көрсөтүү;
- патенттик-техникалык маалыматтын улуттук системасын өнүктүрүү;
- инновациялык ишти өнүктүрүү жана колдоо көрсөтүү.

Кыргызпатенттин функциялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызпатент төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясат функциялары:

  • интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы улуттук стратегияларды жана программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
  • улуттук мыйзамдарды колдонуу тажрыйбасын талдайт жана жалпылайт, интеллектуалдык менчик жана инновациялык иштер жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
  • Кыргызпатенттин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерди түзүү тууралуу сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыгат, ушул келишимдер боюнча Кыргыз тараптын милдеттенмелерин аткарышын камсыз кылат;
  • Кыргызпатенттин карамагындагы мамлекеттик маалымат ресурстарынын, маалымат системаларынын жана тармактарынын коопсуздугун жана коргоону камсыздайт;
  • интеллектуалдык менчик объектилеринин жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн мамлекеттик реестрлерин жүргүзөт;
  • патенттик-техникалык маалымат системасынын абалын жана өнүктүрүү көйгөйлөрүн баалоо, ошондой эле улуттук жана мамлекеттик маалымат ресурстарын калыптандыруу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт;
  • Кыргыз Республикасында инновациялык иштерди өнүктүрүү боюнча сунуштарды түзөт;
  • инновациялык долбоорлордун абалына мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
  • инновациялык долбоорлордун абалын талдайт жана аларды өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
  • кызыкдар болгон тараптар менен бирге инновациялык иштерге өбөлгө көрсөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгат.

2) жөнгө салуу функциялары:

  • өнөр жайлык менчик объектилерине, салттуу билимдерге, селекциялык жетишкендиктерге, интегралдык микросхемалардын топологияларына коргоо документтерин берүүгө карата экспертиза жүргүзөт;
  • мамлекеттин атынан өнөр жайлык менчик объектилерине, салттуу билимдерге, селекциялык жетишкендиктерге, интегралдык микросхемалардын топологияларына коргоо документтерин берет, ошондой эле аларды күчүндө кармап туруу боюнча чараларды ишке ашырат;
  • Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды ыйгарып берүү жөнүндө келишимдерди, лицензиялык келишимдерди жана автордук келишимдерди каттайт;
  • автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин каттайт;
  • авторлорду жана чектеш укуктар ээлерин эсепке алууну жүргүзөт;
  • автордук укук объектилерин пайдаланууга укук алууга автордук укук объектилеринин пайдалануучулары менен лицензиялык келишимдерди түзөт;
  • лицензиялык келишимдерди түзүүдөн жана автордук сый акыларды төлөөдөн автордук укук объектилерин пайдалануучулары баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрөт;
  • патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү мамлекеттик аттестациялоодон жана каттоодон өткөрүүнү жүргүзөт.

3) координациялоо жана контролдоо функциялары:

  • интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жана сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын бирдиктүү иштешин камсыздайт;
  • авторлордун жана чектеш укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруучу уюмдардын ишин контролдоону ишке ашырат;
  • коргоо документтерин алуу үчүн берилген өтүнмөлөргө карата мамлекеттик экспертизанын натыйжалары боюнча даттанууларды жана арыздарды, ошондой эле Кыргызпатенттин компетенциясындагы маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактардын башка арыздарын жана кайрылууларын карайт;
  • Кыргызпатенттин алдындагы Авторлор кеңешин - кеңешүүчү органын түзүү жолу менен жамааттык негиздеги авторлордун мүлктүк укуктарын башкарууну координациялайт;
  • Кыргызпатенттин алдындагы Чектеш укуктар ээлеринин кеңешин кеңешүүчү органын түзүү жолу менен жамааттык негизде чектеш укуктар ээлеринин мүлктүк укуктарын башкарууну координациялайт;
  • ведомстволук уюмдардын каражаттарды натыйжалуу пайдалангандыгын контролдоо жүргүзөт.

4) кызмат көрсөтүү функциялары:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана авторлордун мүлктүк укуктарын башкаруу боюнча чет өлкөлүк уюмдар менен өз ара кызыкчылыктарды билдирүү жөнүндө макулдашууларга ылайык сый акыларды чогултушат, бөлүштүрүшөт жана автордук укуктун ээлерине чыгармаларын пайдалангандыгы үчүн сый акы төлөп беришет;
  • патенттик-техникалык маалымат чөйрөсүндө мамлекеттик кызыкдар болгон уюмдарды, юридикалык жана жеке жактарды маалымдама жана аналитикалык материалдар менен камсыз кылат;
  • келишимдик негизде интеллектуалдык менчик объекттерин жаратуу, укуктук коргоо жана пайдалануу тармагында жеке жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтөт жана иштерди жүргүзөт;
  • коомдук мураска өткөн автордук укуктун объекттерин пайдалангандыгы үчүн келип түшкөн каражаттардын, ошондой эле үч жыл бою талап кылынбаган автордук сыйлыктардын жана башка каражаттардын эсебинен түзүлгөн Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген тартипте жыйнайт жана бөлүштүрөт;
  • маалыматтык, ченемдик, илимий, методикалык жана окуу материалдарын чыгарат жана ишке ашырат, ошондой эле башка полиграфиялык тейлөө кызматтарын көрсөтөт.

5) колдоо көрсөтүү функциялары:

  • интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук жактан коргоо жана сактоо маселелери боюнча эл аралык кызматташууну, Кыргыз Республикасын атынан тиешелүү эл аралык уюмдарда ыйгарым укуктуу чыгууну жүргүзөт, эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыккан Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууга багытталган иш-чараларды уюштурат;
  • интеллектуалдык менчик жаатындагы укуктук жактан коргоо жана сактоо маселелери боюнча окутууларды уюштурат;
  • авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу боюнча чет өлкөлүк уюмдар менен өз ара кызыкчылыктарды билдирүү жөнүндө макулдашууларды түзөт;
  • ойлоп табуучуларга, автордук жана чектеш укуктар ээлерине алардын укуктарын ишке ашырууда өбөлгө түзөт;
  • чет өлкөлүк патенттөөдө жана мамлекеттин атынан патенттерди сатып алууда көмөк көрсөтөт;
  • мамлекеттик патенттик фондуну ата мекендик жана чет өлкөлүк ойлоп табуулардын сыпаттамалары, интеллектуалдык менчиктин башка объектилери боюнча документтер жана адабияттар менен комплекттейт;
  • интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштырууга, экономикалык мааниси бар жогорку натыйжалуу интеллектуалдык инновациялык ишинин натыйжаларын менчик объекттеринин инновациялык ишинин натыйжаларын өздөштүрүүгө көмөк көрсөтөт;
  • инновациялык долбоорлорду маалыматтык чагылдырууну уюштурат;
  • көргөзмөлөрдү, сынактарды, семинарларды жана инновациялык иштерди колдоого багытталган башка иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
  • интеллектуалдык менчиктин айрым объектилерине укук бузуулар болгондо, продукцияларга жана товарларга изилдөө жана экспертиза жүргүзөт.

Кыргызпатенттин укуктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызпатент төмөнкү укуктарга ээ:

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоо жана интеллектуалдык менчик системасын иштетүү маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте интеллектуалдык менчик боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө, өз компетенциясынын чегинде тиешелүү эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана көрсөтүлгөн келишимдерге кол коюуга;
  • интеллектуалдык менчиктин көйгөйлүү маселелери боюнча илимий-изилдөө, көргөзмө, сынактык жана башка иштерди уюштурууга жана жүргүзүүгө;
  • расмий бюллетендерди, журналдарды, маалыматтык материалдарды, усулдук куралдарды, ошондой эле интеллектуалдык менчик жана инновациялар иштер жаатындагы башка адабияттарды чыгарууга;
  • маалымат ресурстарын түзүүгө;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарды берүү, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
  • интеллектуалдык менчик объекттерин коргоого байланыштуу документтердин бирдиктүү формасын белгилөөгө;
  • автордук жана чектеш укуктарды пайдалануучулардан автордук укук жана чектеш укуктар объекттерин пайдаланууга ыйгарым укуктуулугун тастыктаган документтерди алууга;
  • бардык автордук жана чектеш укуктардын объекттерин пайдалануучулардан автордук укук жана чектеш укуктар объекттерин пайдаланууга тийиштүү лицензиялык келишимдин болушун талап кылууга, ошондой эле пайдаланылган чыгармалар жөнүндө ай сайын отчет берүүгө жана бул талап аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө;
  • автордук жана чектеш укуктардын объекттерин пайдалануучулар автордук сый акыны төлөөдөн баш тарткан учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө;
  • министрликтерден, административдик ведомстволордон жана уюмдардан ойлоп табуучулук жана патенттик-лицензиялык иштер боюнча зарыл болгон маалыматтарды, ошондой эле интеллектуалдык менчиктин башка объектилери жөнүндө статистикалык маалыматтарды мыйзамдарда белгиленген тартипте сурап алууга;
  • белгиленген тартипте илимий-техникалык жана патенттик-маалымат продукцияларынын, ошондой эле инновация жана интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы иштер менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жана тарифтерин белгилөө боюнча сунуштарды киргизүүгө;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте интеллектуалдык менчик жаатындагы иштерди аткаруу жана кызмат көрсөтүү үчүн Кыргызпатенттин алдындагы уюмдарды жана топторду түзүүгө;
  • интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоого байланыштуу маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле Кыргызпатенттин бюджетинин чегинде башка иштерди, тейлөө кызматтарын аткаруу үчүн келишимдик негизде ата мекендик жана чет өлкөлүк адистерди жана/же юридикалык жактарды тартууга;
  • интеллектуалдык менчик жаатындагы көйгөйлүү маселелер боюнча илимий-изилдөө жана башка иштерди уюштурууга жана жүргүзүүгө;
  • интеллектуалдык менчик объектилерин баалоого жана коммерциялаштырууга көмөк көрсөтүү боюнча иштерди уюштурууга;
  • интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо маселелери боюнча көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды, тегерек үстөлдөрдү жана башка иш-чараларды, анын ичинде эл аралык иш-чараларды уюштурууга;
  • Кыргызпатенттин юридикалык жак статусу менен ведомстволук уюмдарды түзүүгө жана алардын ишине катышууга;
  • өнөр жайлык менчик объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди коргоого жөндөмдүүлүк маселелери боюнча каршы пикирлерди жана арыздарды карап чыгуу үчүн милдеттүү баштапкы орган болгон Апелляциялык кеңешти түзүүгө. Апелляциялык кеңеш жөнүндө жобону Кыргызпатенттин коллегиясы бекитет;
  • кеңеш берүүчү органды - Кыргыпатенттин алдындагы Ойлоп табуучулар кеңешин түзүүгө;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке ашырууга.

Кыргызпатенттин ишин уюштуруу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кыргызпатентти Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу төрага башкарат.
  2. Кыргызпатентте статс-катчынын жана төраганын орун басарынын кызмат орундары каралган.

Статс-катчыны кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу тартиби, анын функциялары жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдары менен аныкталат.

Төраганын орун басары Кыргызпатенттин төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, Кыргызпатенттин төрагасына түздөн-түз баш ийет жана Кыргызпатенттин ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде уюштурат.

  1. Кыргызпатенттин төрагасы, статс-катчысы жана орун басары мамлекеттик кызматкерлер болуп эсептелет.

Кыргызпатенттин төрагасы:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызпатенттин, анын борбордук аппаратынын жана ведомстволук уюмдарынын ишине жалпы жетекчиликти ишке ашырат жана Кыргызпатентке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
  • эл аралык уюмдар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын ишканалары, мекемелери жана уюмдары жана Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттер менен мамилелерде Кыргызпатенттин атынан өкүл болот, өз ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү алып барат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызпатенттин компетенциясындагы маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана протоколдорго кол коет;
  • статс-катчынын жана төраганын орун басарларынын милдеттерин белгилейт жана алар тарабынан Кыргызпатенттин компетенциясындагы ыкчам, уюштуруу, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча Кыргызпатенттин башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Кыргызпатенттин ведомстволук уюмдарынын жетекчилерин дайындоого сунуш киргизет;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ведомстволук уюмдардын жетекчилеринин орун басарларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызпатенттин борбордук аппаратынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
  • Кыргызпатенттин ведомстволук уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын белгилейт;
  • белгиленген чектелген сандын чегинде жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жобосуна ылайык Кыргызпатенттин борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитет;
  • ведомстволук уюмдарынын түзүмүн жана штаттык санын бекитет;
  • Кыргызпатенттин каражаттарынын кирешелеринин жана чыгымдарынын жылдык планын бекитет, ошондой эле анын аткарылышын контролдойт;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Кыргызпатенттин системасында аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, жоболорду, нускамаларды, эрежелерди жана башка ведомстволук актыларды чыгарат, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен бирдикте же макулдашуу боюнча Кыргызпатенттин түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана ведомстволук уюмдарында алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргызпатенттин ишинин ички тартибин жана Кыргызпатенттин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аныктайт;
  • белгиленген тартипте Кыргызпатент системасынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана ардак наамдарды ыйгарууга көрсөтөт;
  • Кыргызпатенттин кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптик жазанын түрлөрүн колдонот;
  • финансылык каражаттарды, анын ичинде валюталык каражаттарды бөлүштүрүүчү болуп эсептелет;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле жамааттык келишимге ылайык, Кыргызпатенттин кызматкерлеринин эмгегине дем берүү тууралуу чечим кабыл алат;
  • мыйзамдарга ылайык Кыргызпатенттин алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
  1. Кыргызпатентте коллегия түзүлөт, анын курамына 9 киши: коллегияга кызмат орду боюнча Кыргызпатенттин төрагасы (төрага), статс-катчы жана төраганын орун басары кирет. Коллегиянын калган мүчөлөрү Кыргызпатенттин төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет. Коллегиянын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү кирет.
  2. Кыргызпатенттин алдында кеңеш берүүчү-байкоочу орган болуп эсептелген, министрлик менен жарандык коомдун макулдашылган өз ара аракеттешүүсү максатында түзүлгөн коомдук байкоочу кеңеш түзүлөт.

Коомдун байкоочу кеңештин чечимдери сунуштама мүнөзүндө болот.

  1. Учурдагы өндүрүштүк маселелерди ыкчам чечүү жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин координациялоо үчүн илимий-техникалык кеңеш түзүлүшү мүмкүн анын жеке курамын Кыргызпатенттин төрагасы бекитет.
  2. Корутунду жоболор
  3. Кыргызпатент жана анын ведомостволук уюмдары өз ишин өзүн-өзү каржылоо шарттарында ишке ашырат. Кыргызпатенттин жана анын ведомстволук уюмдарынын каржылоо булактары болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген интеллектуалдык менчик объекттерин каттагандыгы жана коргоо бергендиги үчүн, ошондой эле Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусу, Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна Протокол, Евразиялык патенттик конвенция, Өнөр жай үлгүлөрүн эл аралык депонирлөө жөнүндө Гаага макулдашуусу боюнча жана интеллектуалдык менчик жаатындагы башка эл аралык келишимдер боюнча экспертиза жүргүзгөндүгү жана башка юридикалык маанилүү аракеттерди аткаргандыгы үчүн патенттик алымдар жана жыйымдар түрүндө келип түшкөн каражаттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка түшүүлөр эсептелет.
  4. Кыргызпатент белгиленген тартипте финансылык каражаттардын эсебин жүргүзөт, статистикалык, бухгалтердик жана башка отчеттуулук боюнча тийиштүү органдарга маалыматтарды даярдоону жана берүүнү камсыз кылат.
  5. Кыргызпатентти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
  6. Кыргызпатенттин иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер “Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте өткөрүлүп берилет, сакталат жана пайдаланылат.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]