Самсалиев, Султаналы

Википедия дан

Самсалиев Султаналы (1920-ж., Аламүдүн району, Жогорку Ала-Арча айылы) — генерал-майор (1962).

1939-жылдан Советтик Армияда кызмат өтөгөн.
1942-ж. Саратов шаарындагы чек арачылар окуу жайын, 1944-ж. Аскер башкармасынын жергиликтүү органдарынын борбордук курсун, М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясын бүткөн. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.
1944—50-ж. Ленинполь райондук аскер комиссариатынын комиссары, 1953—55-ж. полктун командиринин орун басары, 1956—58-ж. Жалал-Абад облустук аскер комиссариатынын комиссары, 1958—74-ж. Кыргыз ССРинин аскер комиссары. 1974-жылдан запаста.
Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик Согуш ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.