Кутманалиев, Орозбек

Википедия дан
Кутманалиев Орозбек

Кутманалиев Орозбек (1932-жылы төрөлгөн, Сокулук району, Шалта айылы) — төкмө акын, киноактёр, режиссёр. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1992; эмгек сиңирген артисти, 1975).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1971-ж. КМУнун тарых факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1955-жылы Республикалык куурчак театрында артист болуп баштаган.
1965-жылдан Т. Сатылганов атындагы кыргыз мамлекеттик филармониясында солист, 1969-жылдан Кыргыз телекөрсөтүү жана радио уктуруу комитетинде режиссёр-диктор, 1974-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында дубляж боюнча режиссёр.
1992-жылдан «Салам-Алик» кино фирмасында кенешчи.
А. Осмонкул,А. Айталиев, Ы. Борончиев, Т. Тыныбеков, О.Бөлөбалаев өңдүү кыргыз акындарынан таалим алып, алардын төкмөлүк жөрөлгөсүн улантып, айтыштык өнөрүн өнүктүрүп келет.
«Ак мөөр», «Карагул ботом», «Курманбек» дастандарын, Жеңижок, Осмонкул, Барпы, Ысмайылдын термелерин комузда өзү коштоп чебер аткарат.
Обончу, ырчы, актёр Кутманалиев Орозбек Сокулук районунун Шалта айылында 1932-жылы туулган. 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Ал А.Айталиев, Ы.Борончиев, Т.Тыныбеков, О.Бөлөбалаев өңдүү кыргыз акындарынан таалим алып, алардын төкмөлүк жөрөлгөсүн улантып айтыштык өнөрүн өнүктүргөн. «Ак Мөөр», «Карагул ботом», «Курманбек» дастандарын, Жеңижок, Осмонкул, Барпы, Ысмайылдын термелерин комуздун коштоосунда аткарган. Ал «Жүрөктү жүрөм дарылап», «Айдай кызга» ж.б. обондорду жараткан жана көркөм окуунун чебери болгон. «Сүйүү жаңырыгы» киносунда Бектемирдин, «Ак кемеде» Орозкулдун, «Фудзиямадагы кадыр түндө» Арзыматтын, «Эрте жаздагы турналарда» Бейшембектин, «Ак куулар конгон айдың көл» киносунда Сабырбектин, «Эл арасында» киносунда Кубаттын, «Уркуяда», Куландын, «Ак илбирстин тукумунда» Жарчынын ж.б. ролдорун аткарган. 1992-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамы берилип, бир катар медалдар менен сыйланган.


Аткарылып жүргөн чыгармалары

«Жүрөктү жүрөм дарылап» с. К.Алмазбековдуку «Айдай кызга» с. К.Алмазбековдуку «Кыйнабай жүрчү» с. О.Кутманалиевдики «Гүлдесте» с. З.Иманалиевдики ж.б.

Ырларга обондору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Жүрөктү жүрөм дарылап» сөзү К.Алмазбековдуку, «Айдай кыз» (сөзү К. Алмазбековдуку). «Кыйнабай жүрчү» (өзүнүкү), «Гүлдесте» (3. Иманалиев) жана башка ырларга обон чыгарган.
Көркөм окуунун чебери.

Кинодо аткарган ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бектемир, Орозкул, Арзымат, Бейшембек ("Сүйүү жаңырыгы", "Ак кеме", "Фудзиямадагы кадыр түн", "Эрте жаздагы турналар", Б. Шамшиев), Сабырбек ("Ак куулар конгон айдын кел", Ю. Борецкий), Асанбек, Мыкаачы ("Түркүн тагдырлар", "Кайран эл", Д. Садырбаев), Кубат ("Эл арасында", Б. Шамшиев, А. Суйундуков), Кулан, Жарчы ("Уркуя", "Ак илбирстин тукуму", Т. Океев) жана башка.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ОРОЗБЕК ДАСТАНЧЫ ЭЛЕ
"Ал керемет жан эле..." Archived 2017-06-10 at the Wayback Machine
«ОРОЗКУЛ» ЖАШООДО БООРУКЕР АДАМ ЭЛЕ...
Орозбек Кутманалиев көз жумду
Сокулук райондук маданият үйүнө Орозбек Кутманалиевдин наамы ыйгарылды(жеткиликсиз шилтеме)