Байтик баатыр

Википедия дан
Байтик Канай уулунуку катары жоромолдонгон сүрөт.

Байтик Канай уулу же Байтик баатыр; 1822-жыл же 1823-жыл, Чүй өрөөнү1886-жыл, Чүй өрөөнү, Кашка-Суунун бою, Кыргызстан) — XIX кылымдын кыргыздардын саясий ишмери, кыргыз элинин талаптарын Кокон хандыгынан коргогон ишмер, бирок ошол эле учурда ал оторчул Орусия падышалыгынын Чүй өрөөнүндөгү баскынчыл жортуулдарын колдогон.

Байтик баатырдын өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандагы кыргыздардын солто уруусунун чоң манаптарынын бири болгон Байтик Канай уулу 1822-жылы же 1823-жылы Чүй өрөөнүндө туулган. (Анын туулган жана өлгөн жылдарын тарыхчы Кыяс Молдокасымов Орусиянын падышалык доордогу архивдик даектерин иликтеп жүрүп тактаган). [1]


Байтиктин түп аталары Тагай бийге барып такалат. Байтик Орто Азияда Кокон хандыгы үстөмдүгүн жүргүзүп турган доордо жашаган. Тентектигинен атасынын Таластагы бир тууганы Сатылгандыкында жүргөн.

Таластан кайтып келгенден кийин тың чыккан Байтик Чүйдөгү солтолордун манабы Жаңгарачка жагып, акыры солто уруусун башкарууга жетишкен. Байтик адегенде Кокон хандыгы м-н өз ара ыңгайлуу дипломатиялык мамиледе болгон. Б.б. Пишпектин үстүндөгү Бозбөлтөктү жердеп турган.

Бийлигин бекемдөө үчүн ал Чүйдөн Таласка көчүп барып жашап калышкан чоңчарыктардан чыккан манасчы Балыкоозду өзүнө чакыртып алган.

Көчмөн турмуштун шартында сабаты ачылбаган элге Балыгооз сыяктуу адамдардын кадыры кандай экендигин туура түшүнгөн. Көп маселелерди аны м-н кеңешип турган. Ошол мезгилде Кокондун ханы Малла хан Жаңгарачты өз таасиринде кармап туруу үчүн кысмакка алып, жылкыларын салык катары айдап кетип, зордук көрсөтүп турган.

Пишпек чебинин (к. Бишкек чеби) беги Рахматулла даткага каршы 1862-ж-дагы көтөрүлүштүн башында Байтик турган. Солтонун баатырлары Дуулат, Көкүм ж-а Чойбек Рахматулланы жок кылган. Чүй өрөөнүндө өкүм сүргөн саясий кырдаалды туура баалаган Б.б. жигиттери м-н Пишпек чебин курчап алып, бир тууганы Сатылган аркылуу Верныйдагы орус генералы Г.Колпаковскийге жардам сурап кайрылган. Бул күрөштө Байтикке кеминдик сарыбагыштардын чоң манабы Жантай жардамдашкан.

Пишпек чеби талкалангандан кийин Байтик 200 жигити м-н баскынчы падышалык Орусиянын аскерлерине кошулуп, Кокон хандыгынын үстөмдүгүндөгү Олуя-Ата, Мерке, Чымкен чептерин каратууга катышкан. Олуя-Атада багыш уруусунун манабы Сарымсак баштаган 1000 кыргыз Байтиктин жигиттерине кошулган.

Байтик 19-к-дын орто ченинде Чүй өрөөнүндөгү кыргыздардын Орусия империясы тарабынан каратылышына түздөн-түз салым кошкон.

1867-ж. ал солто уруусунун өкүлү катары падыша Александр IIнин Кеңешине катышуу үчүн Санкт-Петербургга барган.

Байтик баатыр 1886-жылы Чүй өрөөнүндөгү өзүнүн кыштоосунда (азыркы Аламүдүн районуна караштуу Байтик кыштагында) каза болгон.

Коомдук ишмердиги боюнча кайчы баалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баскынчы Орусия империясына кылган кызматы үчүн ага аскердик капитан даражасы ыйгарылып, ал Анна тасмасына тагылуучу Чоң алтын медаль, ыйык Станислав ордени ж-а каухар чөгөрүлгөн шакек м-н сыйланган.

Байтик элди уюштурууга жөндөмдүү, саясий маселелерди туура чече алган, өзүнүн алысты көздөгөн максаттарын ишке ашырууда элге алымдуу, кадыр-барктуу инсандарды колго ала билген адам болгон.

Ошол эле учурда анын эгемендикке каршы чыгып, баскынчыларга - орусиялык оторчуларга кызмат кылгандыгы тууралуу калыс баа Кыргызстанда постосветтик доордо гана жарыялана баштады.

Эстутум[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эгемен Кыргызстанда Байтик баатырдын ысымы ал туулуп-өскөн жана каза болгон жердеги айылга берилген. Байтик айылы Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун курамына кирет. Бул айыл совет доорунда "Аламүдүн" совхозунун борбору болгон.

Сүрөт тууралуу талаш пикирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байтик баатырга таандык делип жүргөн фотосүрөттү азыркы тапта башка тарыхый инсандыкы деп баалашууда.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов 2003-жылы 22-апрелде "Азаттык" үналгысынын интернет барагында мындайча таасын жазган: "Эл арасында буга чейин белгилүү болгон болжолдуу сүрөтүндө ал эки ийнине падышалык администрация ыйгарган капитан чинин билдирген белгини, сол көкүрөгүнө жалгыз орденин, мойнуна лентага байланган чоң алтын медалын тагынган, башына суусар тебетей кийген, аппак сакалы жайкалган, жашы 70тен эчак өткөн арыкчырай абышканы элестетет.

Анын каза болгон жылы 1886-жыл болсо, ал жаңы такталган жашы боюнча 63үндө, мындайча айтканда пайгамбар жашында каза болгон. Демек, ошол кездеги эт, кымыздан өксү болбогон Байтик баатырдын чырымы алда канча жаш көрүнгөн.

Анын үстүнө 1872-жылы жогоруда аты аталган А. Хорошхин аттуу автор аны мындайча сыпаттаган:

- Ал узун бойлуу, кең далылуу, үнү да айбаттуу, өткүр көздүү, чоң кара сакалы бар, баскан-турганы салабаттуу адам. Чындыгында эле ал майда, эби-сыны жок кара кыргыздардын арасында өзгөчөлөнүп турат.

Өз замандашынын жазганы боюнча, Байтик баатыр буга чейин элге белгилүү сүрөтүнөн бир топ айырмаланаары айкын. Ошондуктан биз көптөн бери анын сүрөтүн ар тараптан иликтеп отуруп, колубуздагы сүрөт Байтик баатырдын сүрөтү экенине ынанып, аны биринчи жолу «Азаттык» аркылуу коомчулукка жарыя кылып отурабыз. [2]

Бул сүрөт падышалык жергиликтүү администрация тарабынан 1883-жылы тартылып алынып, ал жөн гана «Жетисуу облусундагы белгилүү манаптар менен көпөстөрдүн сүрөтү» деген аталышта сакталып келген. Бул сүрөттөгү 10 инсандын эч кимисинин ысымы көрсөтүлгөн эмес. Мындан 7-8 жыл мурда алардын арасында отурган Шабдан баатырдын 34 жаш курагындагы сүрөтүн аныктап, тактап, анын урпактарына жана жалпы коомчулукка билдирген элек. Эми ортодо, Шабдан баатырдын жанында отурган кең далылуу, Шабдандан бойлуу, сыйлуу чапан кийип, орден-медалын, алтын курун тагынган, жашы алтымышты таяган алыбеттүү инсанды Байтик баатырдын өзү демекчибиз. Бизге жеткен жазма булактардагы Байтик баатырды сүрөттөгөн даректер да аны ырастап, оюбузду бышыктайт".

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Койчиев Арслан. Осмонаалы Сыдык уулу жана анын “Тарыхтары” / Ред.: А.Мокеев, Т.К.Чоpоев. — Бишкек, 1992. — 46 б.
  • Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003.
  • Өмүрбеков Т.Н. Эл башылар, эрендер жана эл тарыхы: (Тарыхий очерктер) / Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. - Бишкек: Макспринт, 2014. - 228 бет. - "Тарых жана мурас" түрмөгү. - ISBN 978-9967-12-386-1.
  • Өмүрбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын жаңы доордогу тарыхы: (XVII - XX кк. башы): Орто мектептердин окуучулары үчүн кошумча сынак окуу куралы / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, А.Асанканов. — Бишкек: «Кыргызстан» басмасы, 1995. — 187 б. - ISBN 5-655-01032-1.
  • Өмүрбектегин Т.Н., Чоротегин Т.К. Түндүк Кыргызстандын Орусияга каратылышы. - Бишкек: "Учкун" концерни, 1992. - 24 бет. - (Кыргызстан Жаш Тарыхчылар Жамааты. "Кыргыз таануучунун китеп текчесине").
  • Омурбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. Қиргизистон тарихи: (XVIII аср охири – 1917 йил): Учинчи қисм: Ўрта мактабларнинг 8-синфи учун дарслик: (Ўзбекча таржима: Тахиржон Хайруллаев). - Жалолобод, 2000. (Қиргиз Республикаси Таълим ва фан вазирлиги томонидан тасдиқланган). – 244 бет. - Қайта ишланиб, тулдирилган иккинчи нашридан таржима / Ўзбек тилига Равшанбек Акбаров таржима қилган. Муҳаррирлар: М.Т.Мамасаидов, О.Х.Худайбердиев. – Ўш-Бишкек, 2004. – 176 б. – ISBN 9967-411-46-5.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://www.azattyk.org/a/1208444.html
  2. Сүрөткө шилтеме: https://gdb.rferl.org/AE2E6978-FB0D-4DA6-BEEB-10962FF7995C_w1023_r1_s.jpg