Түштүк Эңилчек мөңгүсү
Түштүк Эңилчек мөңгүсү —Борбордук Теңир-Тоодогу тоо арасындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Кантеңир тоо тоомунда. Теңир-Тоодогу эң чоң мөңгү.
Орто Азияда Федченко мөңгүсүнөн кийин 2-орунда. Уз. 58,9 км, туурасы 2–3 км, аянты 613,2 км2, орт. калыңдыгы 300–400 м. Жалпы аянтынын 461 км2 кар топтолуучу фирн, 152 км2 абляция облустарына таандык. Абляция облусунун 48,8 км2 бөлүгү мореналар менен капталган. Бозкыр жана Меридиан кырка тоолорунун кесилишкен жериндеги Аскер Топографтары чокусунун (6873 м) этегинен башталып,түндүккө, Кантоонун (6995 м) түш. этегинен батышка созулуп жатат. Түндүктөн Теңир-Тоо ж-а Сары-Жаз, түштүктөн Бозкыр жана Эңилчек кырка тоолору менен чектешет. Тоо арасындагы бутактап кеткен өрөөн тибиндеги мөңгү. Аны түзгөн ири айрыктары: Жылдызча (аянты 91,8 км2), Комсомол (70,2 км2), Пролетарий туристи (42,2 км2), Жапайы (32,1 км2) ж. б. Түштүк Эңилчек мөңгүсү системасына аянты 0,5 км2ден чоң болгон 121 мөңгү кирет; алардын 21 негизинен мөңгүгө кошулбай, анын алабында гана жайгашкан. Ири айрыктары жана майда куймаларынын көбү сол (түш.) тарабынан кошулат. Андан Түндүк Эңилчек мөңгүсү кийин ажырап (чегинип) кеткен. Аларды Мерцбахер көлү бөлүп турат. Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн эң бийик жери Жеңиш чокусунда (7439 м), этеги 2950 м бийиктикте; мөңгүнүн башы м-н этегинин айырмасы 4489 м. Тик капталдуу түш. жагында күн нуру аз тийгендиктен кар чеги 4000 мге чейин төмөндөйт, түн. тарабында 4550 мге чейин жогорулайт. Кыймылынын жылдык ылдамдыгы 60–70 м, этегинде 5–6 мге чейин. Этегинин абалы 1886-жылдан азыркы убакка чейин өзгөрө элек. Мөңгүдөн Сары-Жаздын куймасы – Эңилчек суусу башталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2