Мерцбахер көлү

Мерцбахер көлү
Координаттар: 42°12′24″ с. ш. 79°50′51″ в. д.HGЯO
Деңиз деңгээлинен бийиктиги

3304 м

Узундугу

6 км

Туурасы

1 км

Аянты

4,5 км²

Көлөмү

0.25 км³

Эң терең жери

75 м

Орточо тереңдиги

35 м

Мерцбахер көлү (Кыргызстан)
Мерцбахер көлү

Мерцбахер көлү - Борбордук Теңир-тоодогу Кантеңир тоосунун батыш капталындагы бийик тоо көлү. Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Эңилчек айылдык округуна караштуу Сары-Жаз жайлоосунда деңиз деңгээлинен 3304 метр бийиктикте жайгашкан. Эңилчек өрөөнүнүн батышында, Түндүк Эңилчек мөңгүсүнүн этек бөлүгүндө жайгашкан. Узундугу 2-3 км, туурасы 1,1 км, аянты 4 км2, тереңдиги 60-70 м. Көл чанагы деңиз деңгээлинен 3304 м бийиктикте жатат. Байламтасы мөңгү менен тосулуп, андан омурулуп кулаган муз сыныктары (айсбергдер) көлдүн үстүндө калкып жүрөт. Көл жалпысынан экиге бөлүнгөн. Өйдө жагы муз менен капталып ылдый жагы суу болуп агып турат.

Август–сентябрда көл чанагы сууга толуп, мөңгү бузулганда Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн жаракалары аркылуу 5-7 күндүн ичинде суу агып кетип, көлдө майда чөөттөр гана калат. Кээ бир жайы салкын жылдарда көл чанагы сууга толбогондуктан көлдөн суу агып чыкпай калган учурлар болот. Андан башталган суу Эңилчек суусуна куят. Жээктери муз менен чектелгендиктен, анын узундугу жана аянты өзгөрүп турат. Көлгө 1903-жылы немис саякатчысы Г.Мерцбахер келген.

Мерцбахер «соолуп бараткан» көлдөрдүн катарын толуктап келет. Бирок, дүйнө жүзүндө бул көлдөн башка да көлдөр соолуп жок болуунун алдында турат. Алар Исландия, Швейцария жана Гренландия аралы. Изилөөлөрдүн натыйжасында Мерцбахер көлүнүн соолуп жок болуу мезгили такталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Озеро Мерцбахера, Кыргызстан