Аскер топографтары чокусу

Википедия дан
Аскер топографтары чокусу.

Аскер топографтары чокусу - Какшаал жана Меридиан тоолорунун кошулган жеринен орун алган пирамида тибиндеги чоку. Бийиктиги 6873 м. Сланец, акиташ теги, мрамор жана гранит тоо-тектеринен турат. Түндүк жана түндүк-чыгыш капталдарында Түштүк Эңилчек, батышында Жылдызча, түштүгүндө (Кытай тарабында) Темир-Суу мөңгүлөрү жатат. 1943-жылы сентябрда П. Н. Рапасов жетекчилик кылган аскер топографтары бийиктигин аныктаган. Чокуга 1-болуп 1965-жылы 15-августа Казакстан альпинисттер клубунун мүчөлөрү чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1