Эңилчек

Википедия дан

ЭңилчекБорбордук Теңир-Тоодогу суу, Сары-Жаз суусунун сол куймасы. Узундугу 62 км, алабынын аянты 1739 км2, алабынын орточо бийиктиги 4380 м. Түштүк Эңилчек мөңгүсүнөн башталат. Башынан аягына чейин эни 3 км дей келген терең жана кенен капчыгай аркылуу агат. Жылдык орточо чыгымы 30 м3/сек.

Алабынын 54% (949 км2) мөңгү-муздар менен капталган. Негизинен алардын эң ирилери – Түндүк жана Түштүк Эңилчек (аянттары 203 км2 жана 613 км2) мөңгүлөрүнүн этегинде Мерцбахер көлү орун алган.
Анда жылына 300–350 млн м3 мөңгү суусу топтолот. Жайдын толугунда көлгө суу батпай, муздун жаракалары аркылуу агып чыгат.
Ал мезгилде Эңилчектин деңгээли көтөрүлүп, чыгымы 600–700 м3/секга чейин жетет.
Майдын аягында кирип, сентябрда тартылат.
Өрөөнү кышкы жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]