Кыргыз-Түрк "Манас" университети

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Кыргыз-Түрк Манас Университети
(КТМУ)
Урааны

Келечек биздин колубузда !!!

Негизделген жылы

1997-жыл

Түрү

Мамлекеттик

Ректору

Себахаттин Балжы

Студенттери

5000 ашуун

Жайгашкан жери

Бишкек, Flag of Kyrgyzstan.svg Кыргызстан

Кампусу

Чыңгыз Айтматов кампусу

Юридикалык дареги

720044, Бишкек, Тынчтык пр. 56

Сайты

manas.edu.kg  (кырг.),  (түрк.),  (орус.),  (англ.)

Кыргыз-Түрк Манас Университети [1] - 1995 жылы Кыргызстан жана Түркия ортосундагы келишимдердин негизинде Бишкек шаарында курулган. Бүгүнкү күндө бул окуу жайында 5000 ашуун студент билим алууда. Түрк тилдүү элдердин биригиши үчүн алтын көпүрө болуп саналат.

Mиссиясы[оңдоо | булагын оңдоо]

Университеттин миссиясы: Кыргыз-түрк жана башка түрк элдеринин жаштарын бирге билим алышын, орток түшүнүк жана ишбиргеликти өрчүтүшүн, университеттин дүйнөлүк илим куржунуна өз салымын кошушун камсыз кылып түрк цивилизациясынын ронесансына колдоо көргөзүү.

Заманбап университет моделин жана заманбап таалим-тарбия берүү стандартын колдонуп Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына үлгү болгудай университеттин системасын куруу, дүйнөлүк интеграция процессинде алдыѕкы топто жүрүү, модерн, демократиялык жана секулярдык мамлекет түзүлүшүнө ынанган, адам укугун коргогон, улуттук өз-кимдигин билген, рухий байлыктарга жан тарткан, дени карды сак, акылга бай, сезгич, адептүү, коом алдында жоопкерчилик күткөн, тапкыч, жаратман муунду тарбиялап өстүрүү, өнүккөн өлкөлөрдүн демократия жана базар экономикасы жаатындагы тажрыйбаларынан пайдаланып Кыргыз Республикасынын демократиялашуу жана базар экономикасына өтүү процесстеринин тездешине өз салымын кошуу, изилдеп-иликтеп өрчүтүү, басып чыгаруу, маалымат технологияларды жаратуу жумуштарына материалдык көмөк көргөзүү жолу менен дүйнөлүк илим адабиятынын өрчүтүлүшүнө жана дүйнөдөгү маалыматтын жайылышына өз салымын кошуу, түрк дүйнөсү жаштарын, улуттук байлыктарын барктаган ошол эле маалда дүйнөлүк көз-карашты билген инсан катары тарбиялоо, эл аралык даражада тандалма адамдардын мүчөлөрү катарына кошуу, келечектеги муунду ар тараптан билгин, өзүнө ишенген, маселеге сын көз менен караган, ар тарабын баамдаган, ойлоп иш кылган, дайыма өзгөрүп турган коомго тез көнүшүп кеткен, демократиянын шарттарын аздектеген, кыймылдуу, тобокелге сала билген, ишбиргелике ачык, эркин ойлогон, тапкыч, иликтенген, искусствого баа берген, өнөргө шыктанган инсан катары тарбиялоо, элге керектүү жогорку билимдүү же магистр даражасын алган адистерди тарбиялап чыраруу.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]