Өнүгүп жаткан өлкөлөр

Википедия дан

Өнүгүп жаткан өлкөлөр - өнөр жай өнүккөн өлкөлөрдүн алдында колониялык же жарым колониялык абалда болуп келген, бүгүнкү күндө өз алдынчалыкка же көз карандылыкка жетишкен Азия, Африка, Латын Америкасы жана Океаниядагы өлкөлөрдүн тобу. Бул өлкөлөр эмгектин эл аралык бөлүнүшүндө өнөр жай өнүккөн мамлекеттер үчүн агрардык сырьё жана эң арзан жумушчу күчүн берип турушкан. Өнүгүп жаткан өлкөлөргө өндүргүч күчтөрдүн төмөнкү деңгээлде өнүгүшү, чарбанын бир жактуулугу, экономиканын көп укладдуулугу ж. б. мүнөздүү. Мындай өлкөлөрдүн алдында төмөнкүдөй проблемалар турат: экон. өсүүнүн темпин тездетүү, улуттук экономиканы бекемдөө, айыл чарба өндүрүшүн механикалаштыруу, маданий артта калуучулукту жоюу ж. б. СССР жоюлгандан кийин өз алдынчалыкка жана көз карандысыздыкка жетишкен мурунку союздук республикалардын көпчүлүгү (анын ичинде Кыргызстан да) өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кошулушту. Өнүгүп жаткан өлкөлөрдө жашаган элдердин негизги максаты өз алдынча өнүгүүгө, чет өлкөлөрдү кийлигиштирбестен, өз тагдырын өзү чечүүгө жетишүү ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]