Чатыр-Көл
| Чатыр–Көл | |
| | |
| Координаттар: 40°38′ с. ш. 75°17′ в. д.HGЯO | |
|---|---|
| Деңиз деңгээлинен бийиктиги |
3530 м |
| Узундугу |
23 км |
| Туурасы |
10 км |
| Аянты |
161,1 км² |
| Көлөмү |
0.61 км³ |
| Жээгинин узундугу |
58 км |
| Эң терең жери |
16,5 м |
Чатыр–Көл | |
Чатыр-Көл[1] — түштүгүндө Торугарт тоо кыркалары, түндүгүнүн Ат-башы тоо кыркалары курчайт. Бул тоо кыркаларынын мөнгүлөрдөн эрип аккан суулар жерден сызылып чыккан булак сууларына кошулуп Чатыр-Көлгө куюп турат[2].
Жалпысынан алганда көлгө 50дөн ашуун суу куят. Алардын ичинен тынымсыз көлдү толтурган Көк-Аргын, Муз-Төр, Таш-Булак, Муз-Бел, Айрык, Үч-булак суулары бар.
Чатыр-Көлдүн узундугу 23, туурасы 11 километрге созулуп, чарасынын аянты 175 чарчы км түзөт. Тереңдиги 7 метрден 20 метрге чейин.
Чатыр-Көл жапайы канатууларга бай. Кышкысын кату сукка байланыштуу көл бети 1 метрден ашуун калың муз менен капталып, май айларынын ичинде муздар эрип көл бети ачылат. Келгин канаттуулар жайкысын келишип, көл ортосундагы аралдарга уялашып, балапандарын баралына жеткирип учуп кетишет. Чатыр-Көлдө сууда сүзүүчү канаттуулардын 30га жакын түрү уялайт.
Жай айларынын жылуу күндөрүндө алардын түлөгү жүрөт. Келгин канаттуу куштардын көбөйүшүн камсыз кылуу максатында Чатыр-Көл жана анын жээктери корукка алынган.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Атлас мира. 3-е изд. М.: Федеральная служба геодезии и картографии, 1999. (орусча)
- ↑ Каратал-Жапырыкский государственный заповедник. Гидрология