Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы (КМДТСА)

Википедия дан

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы (КМДТСА) — Кыргызстанда спортчуларды, машыктыруучуларды жана дене тарбия мугалимдерин даярдоочу жогорку окуу жайы. 1955-жылы КМУнун дене тарбия факультетинин базасында уюшулган. Имараты 1964-жылы курулган (архитектор Е. Г. Писарской). Академияда педагогика, спорт, баштапкы аскердик даярдоо, адистерди кайра даярдоо факультеттери, сырттан окуу жана даярдоо бөлүмдөрү, адистештирилген 16 кафедра (жеңил атлетика, туризм жана сууда сүзүү спортунун түрлөрү, күрөш, спорттун улуттук түрлөрү, футбол, спорттук медицина, педагогика, психология, дене тарбия тарыхы жана менеджмент ж. б.), 400 орундуу эки жатакана, лыжа жана туристтик база, жеңил атлетика стадиону, сууда сүзүү үчүн бассейн, адистештирилген гимнастика, оор атлетика, күрөш, бокс, баскетбол, волейбол залдары, илимий лаборатория, китепкана бар. Жеңил атлетика жана футбол менеджери иштейт. Окуу жайда 129 жогорку классификациялуу адис, анын ичинде 4 илимдин доктору, 37 кандидаты, 32 доцент, 5 профессор, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген 16 машыктыруучусу, элге билим берүүнүн 35 отличниги, Кыргыз Республикасынын илимге, маданиятка эмгек сиңирген 7 ишмери ж. б. эмгектенет (2012). Уюшулгандан бери жогорку билимдүү 15 миңден ашуун адис даярдалган. Илимий иштер тоолуу региондун факторлорун эске алган спорттук машыгууларды жана дене тарбия иштеринин өзгөчөлүктөрүн изилдөө менен байланышкан. 1995-жылы Жалал-Абадда филиалы ачылып, анда жалпысынан 350дөй студент билим алат. КМДТИнин алгачкы ректору Л. Ф. Егупов (1955—59-жылдары болгон), 2009-жылдан — Т. Иманалиев.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]