Адамдын өнүгүү индекси

Википедия дан

Адамдын өнүгүү индекси (АӨИ) ― жыл сайын өлкөлөр арасындагы жашоо шартын, сабаттуулугун, билим берүүсү жана жаш курактын узактыгын эсептөөчү индекс. Бул индекс өлкөлөрдүн потенциалдарын салыштыруу үчүн эң керектүү материал. АӨИ БУУ тарабынан чыгарылып турат жана индексти пакистандык Махбуб-уль-Хак башында турган экономисттер тобу иштеп чыккан. 1990-жылдан бери жыл сайын чыгып турат.

АӨИни түзүүдө 3 негизги көрсөткүчтөр саналат:

  • Күтүлүп жаткан жаш курактын узактыгы.
  • Өлкө калкынын сабаттуулугу (билим алууга кеткен убакытты эске алганда) жана күтүлө турган окуунун узактыгы.
  • ППС боюнча эсептелинчү калктын жашоо шарты (АКШ доллары менен).

Кайсы өлкө АӨИнин канчанчы орунда экенин АДӨИ боюнча мамлекеттердин тизмесинде көрүүгө болот.