Борбордук Азиядагы Америка университети

Википедия дан

Борбордук Азиядагы Америка университети (англ. American University in Central Asia), кыскартылган түрдө ― БААУКыргызстандагы жогорку окуу жайы. Бишкек шаарында жайгашкан.

Ал Кыргызстандын билим берүү системасында көп жаңылыктарды киргизген. 1979-жылдан 1993-жылга чейин Кыргыз улуттук университетинде англис тилинен сабак берген. Ал кездерде анын Кыргызстанда жакшы билим берүү жөнүндө ойлору болгон. 1993-жылы Кыргыз америкалык факультетин Кыргыз улуттук университетинде ачкан. Ошол жылы Кыргыз америкалык факультетине биринчи жолу 40 студент окууга кирген. Бул факультет 1997-жылы Кыргызстандагы Америка университетине (КАУ) өзгөргөн. Ал кезде факультетти университетке өзгөртүү абдан кыйын болгон. Кыйынчылыктарга карабастан, университетти түзүүчү – Камила Шаршекеева, Кыргызстандагы Америка университетинин биринчи президенти – Жон Кларк жана вице-президенти Марта Мерил бул иштерди абдан мыкты аткарышкан. Бул университет 2002-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетине өзгөргөн. Азыркы учурда бул университет Борбордук Азиядагы эң жакшы университеттердин бири. Бул университетке Борбордук Азия өлкөлөрүнөн жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн көп студенттер келип окушат.

Ал Борбордук Азиядагы АКШ гуманитардык коллежинин моделиндеги алгачкы жана жалгыз окуу жайы болуп саналат. Окуу планы жана кредит-саат системасынын негизинде америкалык үлгү боюнча иш жүргүзөт. 1993-ж. Кыргыз улуттук мамлекеттик университетинин алдында Кыргыз-Америка факультети катары уюшулган. БААУда америкатаануу, бизнес башкаруу, маданий антропология жана археология, экономика, эл аралык саясат, журналистика, укук, психология, социология, программалуу камсыздоо долбоору багыттары боюнча билим берет. Бүтүрүүчүлөрү америкалык бакалавр дипломун алышат. Бул окуу жайдагы бакалавр даражасын алган студенттер магистратурага тапшырууга укуктуу. Профессордук-окутуучулук курамында АКШ, Улуу Британия жана башка чет өлкөлөрдөн келген жана кыргызстандык окутуучулар эмгектенишет. 1065 студент билим алат (2005), анын ичинде кыргызстандык студенттердин саны 830 (78%), башка мамлекеттен келгендер 235 (22%). Окуу жайы мультимедиалык лабораториялык, компьютер, видео жана аудиосистемалары, китепкана фонду, гезит, илимий журналдар менен жетиштүү жабдылган. Окутуу орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]