Журнал

Википедия дан
Журналдар.

Журнал - (фр. journal күндөлүк) мезгилдүү басылма. Журнал чыгуу мезгилине карай: апталык, айлык жана жылына бир жолу чыгуучу басылма; мазмунуна карай: коомдук-саясий, адабий көркөм, өндүрүштүк-техникалык, спорттук, сатиралык, илимий-тармактык, илимий-популярдуу, илимий-маалыматтык, модалык, библиография., рефераттык болуп бөлүнөт. Журнал. окурмандардын жаш өзгөчөлүгүнө (балдар, өспүрүмдөр жана башка) жараша да басылат. Ал гезит сыяктуу эле, жалпыга маалымдоонун негизги каражаттарынын бири катары элдин коомдук турмушун же белгилүү бир саясий партиянын кызыкчылыгы менен таламын колдоп турат. Гезиттерден айырмаланып, Журналдарда жаңылыктардан тышкары түрдүү аналитикалык макала, очерк, публицистикалык эсселер менен көркөм чыгармалар жарыяланат. Дүйнөдөгү биринчи журнал 1665-жылы 5-январда Францияда «Журнал де Саван» деген ат менен жарык көргөн. Ошол эле жылы Англияда («Философикал транзекшнс оф Ройял сосайети»), 1668-жылы Италияда («Жорнале деи леттерати»), 1682-жылы Германияда («Акта эрудиторум») чыгарыла баштаган. Көп өлкөдө журнал 18-кылымда пайда болгон. Алгачкы Журналдар, негизинен, көркөм адабият, илим, көркөм өнөр, дин маселелериндеги жаңылыктарды баяндоо менен гана чектелген. 19-кылымдын 2-жарымынан баштап журналдын туруктуу түрлөрү калыптанган. Окурмандарга арналган түрдүү мазмундагы, көлөмдүү журналдар арбыныраак жарык көрө баштаган.

1918-25-жылы СССРде коомдук (аялдарга, жаштарга, армияга жана башка багытталган саясий, теориялык, адабий-көркөм, илимий-техникалык, чарбалык) журналдар чыккан: «Красная звезда» (1918), «Сельское хозяйство» (1919),2010-жылга чейин Кыргызстанда чыккан журналдар. «Пролетарская революция» (1921), «Крокодил» (1922), «Огонёк» (1923), «Большевик» (1924), «Библиотека» (1925) жана башка Кыргызстанда Журналдар Совет доорунда гана чыга баштаган. Эне тилибиздеги туңгуч «Коммунист» журналы (1926) жарык көргөн. Кыргыз тилинде адабий илимий-педагогика («Жаңы маданият жолунда» 1928), айыл чарба («Дыйкан», «Дехканин») журналдары жарык көргөн. 1991-жылы чейин Кыргызстанда 30дан ашык журнал жана журнал тибиндеги «Кыргызстандын пропагандисти жана агитатору» (1944), «Кыргызстан аялдары» (1951), «Чалкан» (1955), «Ала-Тоо» (1931), «Литературный Киргизстан» (1954), «Жаш Ленинчи» (1952), «Кыргызстан айыл чарбасы» (1955), «Сельская хозяйство Киргизии» (1955), «Ден соолук» (1960), «Байчечекей» (1977) жана башка чыгып турган. Республикада учурда чыгып жаткан журналдар тармактык-кесиптик мүнөзгө ээ болуп, ченелүү гана нуска менен жарык көрүүдө («АКИргеээ», «Банковский вестник», «Нормативные акты Кыргызской Республики», «Финансово-налоговый вестник», «Рынок ценных бумаг», «Кадр», «Премьера»; коомдук-саясий, аналитикалык-популярдуу «Замандаш», «Байчечекей», «Жетиген», «Ракурс», «Шоокум», «Интеллект, чыгармачылык жана турмуш» жана башка). Маалымат технологияларынын өнүгүшү менен интернет журналдар пайда болду.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]