Үлгү

Википедия дан

Бул — көркөм кол өнөрчүлүктө жасалуучу кооз буюмдун кагазга жана башка жердикке (кийиз, кездеме, таар, тери, темир, жыгач, мүйүз) түшкөн түрү. Кооз буюмдун өзүн кайрадан башкага өзгөртпөй көчүрүүсү да үлгү болот. Урунттуктуу эле буюм-кечелер ошол көркөмдүктүн кайталангыс үлгүсү болуп кала бербейт. Калк кандай кабыл алат. Көзүбүзгө таасын көрүнөбү, буюм айыл аралап, колдон-колго өтөбү, ал эл ичине кеңири сиңип кетсе, ошол нукура өнөрдүн көркөм үлгүсү боло алат. Албетте, ал өзүнүн баштапкы үлгүсүн өзгөртүп, алымча-кошумчаланып, бир нече түрлөнүп кетет да, жараткан чебердин аты жөнү айтылбай, бара-бара унутулуп калат. Мындай көрүнүштүн болушу элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн негизги касиетине жатат. Бул даанышман өнөрүбүз карым-катыш алып, элдин ой-пикирин, акылын, талантын, жашоо-турмушун, көз карашын, зор түйшүгүн баяндап келүүсү аркылуу үлгүнүн кадыр-баркы артылат.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)