Кийиз

Википедия дан

Бул — элдик көркөм кол өнөрчүлүктө жүндөн уютулган жердик. Боз үйдүн жабуусунун, шырдактын, жабык баштын, ала кийиздин, кементайдын, калпактын, өрө кийиз, ала кийиз, шырдак (шырдамал, оймо теке) жана башка буюм-тайымдардын кийизи болуп бөлүнөт.

Кийиз уютуу үчүн чеберлер кылчыктуу күзгү жүндү тандашат. Уютулуучу жүн кыска болушу зарыл. Узунун кырчып-кырчып кыскартат. Талпакта аябай сабалган жүндү токулган чийдин үстүнө белгилүү өлчөмдөгү калыңдыкта тарамдап жаят. Кайнак сууну текши сээп таптап, чий менен орой түрөт. Дагы кайнак суу сээп, аркан-жип менен аябай чырмап таңат да, бир топ адам тепкилейт. Чийдин арасынан күрсүйүп жүн чыга баштаган чакта гана кийизди тепкилөөнү токтотот. Кирген кийизди чийден алып, ага кайрадан ысык суу сээп, үч-төрт адам катар чөгөлөй отуруп, кайта-кайта имере тоголоктоп билектейт.

Билектөө — кийизди колдо ийлеп, ийине келтирүү. Айрым элдер муну «талдырма» деп аташат. Мында уюткулуу жүндү кичине киргизип, аны боеп туруп, оюм берип, анан кайра алдына жүндөн коюп, алиги оюм берген кийизди анын үстүнө жаткызып, кийизди кайрадан киргизе басышат. Ошентип, уздар мындай караганда буга шырдак оюмдарына окшош кооздук беришкени байкалат.
Кийиз уютуу бир эле адамдын колунан келбейт. Ал эми шырдактык кийизди уютуу үчүн да күзгү жүн пайдаланылат. Мында да жүндү өтө майдалап тытып, анан сабоолойт. Жүндү чийдин үстүнө көп калың кылбай тегиздеп жайгаштырат да, кылчык жүнгө ысык сууну чени менен себелейт. Эгерде жүн уяңдуу болсо, анда көп ысытылбаган жылуу суу гана керектелет. Себеби, ысык суу мындай жүндү эзип, жараксыз кылып коюшу же билектеп баскан чакта ал жакшы кирбей, көпшөк кийиз болуп калышы мүмкүн.
Жабыкбаш, шырдак болуучу кийиз даяр болгон соң аны ыраңдуу кылып боёйбуз зарыл. Адатта, шырдак жасалуучу кийиз ачык кызыл, көк, сары, жашыл түстөргө гана боелот. Аны муздак суу менен эрикпей жууй билиш зарыл. Качан кийиздин ысыгы толук катып, колду күйгүзүп албагыдай болгондо жана боек эч жукпай калган учурда гана бир топко чейин билектеп басып, кайра дагы жылуу суудан сээп, акырында он-он беш минута гана басуу сунуш кылынат. Мында кийиз мурдагыдан да бышык чыгат да, кийин соң көпшөктөлбөй, чыйрак сезилип калат. Кийиз оюм — түшө турган буюмдардын түбөлүктүү жердиги. Анын жасалуу ыкмасын башынан аягына дейре билгичтик жана кылдаттык менен иштөө ар бир уздан талап кылынат. Муну жасаарда абалы ага ылайыктуу жүндү тандап алган жакшы. Азыр ага күзгү жарым уяң жүндү уздар арбын пайдаланууда.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)