Өрө кийиз

Википедия дан

Боз үйдүн жабуусу. Түр салынбай, боёлбой, ак менен кара жүндөн калың жасалган кийиздин бир түрү. Өрө кийиз көбүнчө боз үйгө жабууга ылайыкталат. Ал күзгү жүндөн уютулуп, мунун бир жагы боз, экинчи жагы кара болсо ал сөзсүз бышырылат. Өрө кийиз өргөө тигүүдөн байкалат.

Боз үйдүн өнүгүшүндө жүндүн мааниси өтө зор. Демек, үйдүн жабуусу анын боочулары жана ички жасалгалары үчүн да ошончолук мааниге ээ экенин билебиз. Боз үйдүн жабуусу төрт бөлүктөн турат. Аларга туурдук (тутуусу), үзүк, түндүк жабуу жана эшик тыш кирет. Орточо үйлөр, негизинен төрт туурдукка, эки үзүккө чакталат. Алардын чоң-кичинеси, узун-кыскасы үйдүн көлөмүнө карата бычылат. Мисалы, он эки канат үйдүн алты туурдугу, үч үзүк жабуусу болгон.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)