Үзүк

Википедия дан

Бул — боз үйдүн өрө кийизинин бир түрү. Уук үстүнөн келүүчү көлөмдүү жабуусу. Боз үй алдыңкы үзүктөн жана арткы үзүктөн турат. Бул да үзүктөй эле койдун күзгү жүнүнөн уютулат да, жабыла турган үйдүн чоңдугуна жараша бири-бирине окшобогон төрт бурчтуктай бычылат. Болжолдо, үзүк баш жагынан узундугу 180—200—190—210 см дей, этек жагынан (ылдый) узундугу 730—825—750—850 см дей, жандарынын бийиктиги 180—230—200—250 см дей келет. Үзүктүн чети бүйрүлүп калбасы үчүн жылкынын жал-куйругунан, топоз менен эчкинин кылтагынан чыйрак эшилип жээктелет. Эки үзүккө алтыдан он эки боо тагылат. Үзүк боолор өрмөктө эни 5—6 см дей терилип согулуп, ар биринин учу чачыкталат. Эни жыйырма см дей болгон ак кийиз менен кызыл кийиз оюмдары «милтеленет». Ал «үзүк жээги» деп аталат. Ага бекитилген «төтөгөнүн» этеги тегерете чачыланат. Мунун экиден төрт жерине «карга канат», «карга тырмак» өңдүү түр түшөт.

Абалы алдыңкы үзүк жабылат. Анын үстүнө кайчылашып түшкөн төркү үзүктүн алты боосу керегелерге байланат. Кийиздин агын жана калыңын арткы үзүк үчүн пайдаланат. Аянты жагынан эки үзүк бирдей болот. Үзүктүн этеги кең болуп, түндүк жаккы башы өтө кууш келет. Себеби, үзүк түндүктүн алкагы менен төп келип туруусу тийиш. Үзүктүн жалпы аянты үйдүн чоң жана кичинесине карай аныкталат. Алдыңкы үзүктүн башкы жана ортоңку боолорун туурдуктукундай сызмадан да, термеден да жасайт. Ал эми этек боосу эшилген жиптен тагылат. Үйдүн аянтына карай боочуларды төрттөн-бештен да тагууга болот. Арткы үзүктүкү эшмеден, термеден, сызмадан тагылат да, этек боосу эшме жиптен келет. Арткы жана алдыңкы үзүктүн үстүнө жана кырка этектерине кызыл кийизден же кызыл таза кездемеден оюмдан «төтөгө» болот. «Үзгүнүн баарысын, Ак манта менен тышташат» («Манас») деп айтылат.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)