Бакалавр

Википедия дан

Бакалавр - (лат. baccalaureus) – базалык жогорку билимдин академиялык даражасы. Бакалавр даражасын алгандар магистратурага тапшырууга же кесиптик ишмердүүлүккө киришүүгө укуктуу.


Бакалавриат - – илимий багытта бакалаврларды даярдоо программасы боюнча базалык жогорку билимге ээ болуунун негизги бөлүгү. Толук эмес жогорку билими барлар үчүн окуу мөөнөтү 2 жыл. Бул программаны өздөштүргөн адам бакалавр даражасын алат жана жалпысынан төмөндөгүдөй иштерди аткарууга даярдалат: конкреттүү кесиптик билим берүү программасы менен аныкталган ишмердикти аткаруу; мамл. билим берүү стандартында каралган деңгээлде изилдөө иши менен байланышкан маселелерди өз алдынча чечүү; тийиштүү багыт боюнча окуусун магистратурада улантуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,