Түндүк Эңилчек мөңгүсү

Википедия дан

Түндүк Эңилчек мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү.

Кантеңир тоо тоомунда. Уз. 34,9 км, туурасы 1,5–2 км, аянты 202,9 км2, орт. калыңдыгы 200–300 м. Жалпы аянтынын 161,3 км2 кар топтолуучу фирн, 41,6 км2 абляция облусуна таандык. Абляция облусунун 15,5 км2 аянты мореналар м-н капталган. Меридиан кырка тоосунун батыш капталынан башталып, Мерцбахер көлүнө чейин созулат. Бири бирине жарыш жаткан Теңир-Тоо (түш.) ж-а Сарыжаз (түн.) кырка тоолорунун арасындагы кууш өрөөндү ээлейт. Т. Э. м. бутактап кеткен өрөөн тибиндеги мөңгү. Анын системасына 34 мөңгү кирет, алардын 24ү Теңир-Тоодон, 10у Сарыжаз кырка тоосунан башталат. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 6274 м, этеги 3340 м бийиктикте жатат. Кар чегинин орт. бийикт. 4300 м, эң бийиги 4450 м, жапызы 3900 м. Теңдештик балансасы терс маанилүү болгондуктан этеги Түштүк Эңилчек мөңгүсүнөн ажырап, өз өрөөнү м-н артка чегинүүдө. Өрөөндүн оозун Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн музу бөгөп тургандыктан, бошогон оёңдон Мерцбахер көлү пайда болгон. Көл чанагы деңиз деңг. 3304 м бийиктикте жатат. Байламтасы мөңгү м-н тосулуп, андан омурулуп кулап түшкөн чакан айсбергдер көл үстүндө калкып жүрөт. Мөңгүнүн эриген суулары жайкысын көлдө топтолуп, жылына бир жолу сел болуп (көл бузулганда) агып чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2