Энеолит доору

Википедия дан

"Энеолит" деген латын жана грек тилдеринен алынып "энеус" – "жез", "литос" – таш, жез-таш доору деген маанини түшүндүрөт. Кээде энеолит термининин ордуна "халколит"сөзү да колдонулат ("халкос" грек тилиндеги – жез). Бирок терминдердин экөө тең жездин пайда болгондугун далилдесе деле турмушта таш куралдары басымдуулук кылган. Негизинен, энеолит б.з.ч. V миң жылдыкта – неолит менен коло доорунун ортолугундагы мезгилди камтыйт.
Жез кендери, көбүнчө тоолуу райондордо жайгашканы белгилүү. Ошондуктан жезди пайдалануу алдыңкы Азияда жана Закавказьеде кеңири тараган. Металл Алдыңкы Азиядан Балканга, кийин Днепрдин оң жээгине тараган деп болжолдонот. Ошондой эле Чыгыш Европадагы Урал жана Карпат тоолорунан да жез алынгандыгы белгиленет. Жез кендерин пайдалануу Теңир-Тоонун жана Алтай тоолорунун аймагында болгондугу далилденген.

Жездин ачылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жездин алгачкы ачылышы б.з.ч. VI миң жылдыкка туура келип, биринчи жолу Алдыңкы Азияда колдонулгандыгы болжолдуу түрдө айтылат. Б.з.ч. IV-V мин жылдыктарда адамдар эмгек куралын жезден жасай баштаган, бирок жезди алып өздөштүрүү жолу көбүнчө мурдагы СССРдин түштүк аймагында жез кендеринин көп кездешкендигине байланыштуу бул жактан жездин кеңири пайдаланылганын далилдеген эстеликтер ачылууда.
Башкыртстандын Бакр-Узяк (башкыр тилинде "Жез колот") деген жеринен энеолиттик адамдар жезди ачык эле, жердин үстүңкү бетинен алышкаидыгы, алар Донго чейинки аймакты жез менен камсыз кылып тургандыгы белгилүү болду. Киимбай дарыясынын боюндагы Еленово (Казакстан) байыркы жез кени, Алтайдагы Белоусов кенинен, адамдын сөөк калдыгы ичине руда салган чаначы менен табылган. Кенди казууда алтайлыктар таштан жасалган барсканды колдонушкан. Мындай далилдер абдан аз болсо да, бул табылгалардан улам адамдар коло дооруна чейин эле жердин терең катмарынан жезди казып алышкандыгын билебиз.

Байыркы убакта жезди иштетүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байыркы кездерде жезди иштетүүнүн эки турү (муздак жана ысык) колдонулган. Алгачкы жез куралдары муздак жол менен даярдалган, т.а. уюган жезди таш балка менен керектүү түргө келтирип жасашкан деп болжолдошот. Аны ысытуу аркылуу эритүү кийинчерээк пайда болгон. Жез жумшак жана ийилчээк болгондуктан, адамдар андан зым, мык, ийне ж.б. ар кандай формадагы буюмдарды жасап алышкан. Эң алгач ургулоо жолу менен жезден ийне, бычак, шибеге, төйнөгүч ж.б. сыяктуу майда эмгек куралдарын жасашса, кийинчерээк жезди эритип, куралдарды калыпка куюп жасай башташкан. XIX к. акырына чейин археологдор таш доору менен коло доорунун ортосунда жез-таш доорунун болгонун белгилешкен эмес, себеби байыркы жез буюмдар химиялык анализден өтпөгөн, ошондуктан жезди кадимки эле коло деп эсептешип, таш доору коло доору менен түздөн-түз алмашкан деп ойлошкон. Химиялык жол менен изилдөөдөн улам байыркы металл куралдары коло эмес эле, таза жезден жасалгандыгы далилденген. Ошентип, адамзат тарыхынын белгисиз доору археологдор тарабынан эмес, химиктер тарабынан ачылган. Металл куралдарынын пайдаланылышы менен өндүрүштүн бардык түрүндо өзгөрүү пайда болот. Уруулардын жалпы массасынан байыркы дыйканчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенген уруулар бөлүнүп чыккан. Ошондой эле энеолиттик адамдар алыскы жердеги өлкөлөр менен байланыш түзүшүп, алыш-бериш мамилелерин өнүктүрүшкөн. Жезди алуу үчүн адамдар анын чыккан жерине келүүгө мажбур болушкан. Бир нече миң километр соода жолун басып еткөн адамдар өз ара экономикалык байланыштарын кеңейткен. Узак жолдо жүрүугө, жүк ташууга ылайыктуу каражаттар, унаанын түрлөрү талап кылынган. Ушундай учурда дөңгөлөктүн пайда болушу, өз убагындагы маанилүү ачылыштардын бири болгон. Дөңгөлөк биринчи жолу энеолит мезгилинде пайдаланууга кирген.

Энеолит доорунун белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Энеолит доору өзүнө мүнөздүү болгон беш белги менен айырмаланат:

  1. Дыйканчылыктын кетмендөө түрүнүн башка чарбаларга үстөмдүк кылышы;
  2. Жезден жасалган эмгек куралдары менен бирге таш куралдарынын колдонулушу, таш куралдарынын өзгочө басымдуулук кылышы;
  3. Алгачкы жамааттык топтор жашай турган чоң, көлөмдүү ылайдан согулган үйлөрдүн пайда болушу;
  4. Энелик урууга мүнөздүү болгон аялдардын айкелдеринин (сөлөкөттөрүнүн) чоподон жасала башташы;
  5. Оймо-чиймеленген карапа идиштер менен буюмдардын пайда болушу, т.а. ар түрдүү боёктордун жардамы менен карапага оймо-чиймелер түшүрүлгөн. Бул кезде алгачкы дыйканчылыктын негизинде келип чыккан жогорку маданияттын өнүгүшүнө шарт түзүлгөн.

Неолит (алгачкы мезгилин эсептебегенде) жана энеолит бир мезгилге таандык болуу менен бири-биринен хронологиялык жактан эмес, маданиятынын деңгээли боюнча гана айырмаланышат. Мында биз ар түрдүү өлкөлөрдөгү маданияттын ар башкача өнүккөндүгүн унутпообуз керек. Энеолит мезгили Борбордук Азияда (Түркмөнстандын түштүгүндө), Закавказьеде, Түштүк-Батыш Украинада, Молдавияда жана Сибирде айрыкча жакшы изилденген. Ал эми башка райондордогу энеолиттик маданияттар жөнүндө окумуштууларда бирдей ой-пикир азырынча жок.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асанканов А.А., Осмонов Ө.Ж., Кыргызстан тарыхы. - Б., 2010

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Энеолит доору Archived 2014-08-19 at the Wayback Machine