Түлкүлөр

Википедия дан
Калтар түлкү (Alopex lagopus).

Түлкүлөр (лат. Vulpes) - иттер тукумундагы жырткыч сүт эмүүчүлөр уруусу. Денеси созулуңку, буттары салыштырмалуу кыска.

Куйругу узун, үлпүлдөк жүндүү. Түсү кызгылт сарыдан күмүш бозго чейин, кээде дээрлик кара; мезгилдик жана геогр. диморфизм даана байкалат. Тиши жырткычтардыкындай, азуусу курч, арсагай. Түлкүлөрдүн 6-11 түрү Арктикадан башка Евразия, Африка, Түндүк Америкада кезигет, Австралияга алынып келинген. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү: кадимки түлкү, карсак жана африка түлкүсү жашайт. Токойлуу тундрадан чөлгө чейин мекендейт. Ийинде жашайт. Көбүнчө майда сүт эмүүчүлөр жана куштар менен азыктанат. Жазында 51 сутка көтөрүп, 4-6, чанда 12 бачики тууйт. Кадимки түлкү уруунун чоңу, дене уз. 90 смге, куйругу 60 смте жетет. Күүгүмдө активдүү. Түлкүлөр - аңчылык жана аң чарбачылыгынын баалуу обьектиси. Айрыкча калтар (кара) түлкүнүн териси баалуу. Аң жана куш чарбасына зыян келтирет, кемирүүчүлөрдү жеп пайдалуу. Бир түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4