Илбирс

Wikipedia дан

Илбирс (Uncia uncial), (Shreber, 1775):

Жалпы жана өлкөдө таралышы[оңдоо | булагын оңдоо]

Азиянын 12 тоолуу өлкөлөрүндө кездешет. Кыргызстанда Пскем, Чандалаш, Талас, Кыргыз, Суусамыр, Чаткал, Фергана, Түркстан, Алай, Күнгөй жана Тескей Алатоо, Нарынтоо, Молдотоо, Атбашы, Сарыжаз жана Какшаалтоо кыркаларында .

Жашаган аймактары[оңдоо | булагын оңдоо]

Алңпы жана субалңпы ландшафттык алкактарда (деңиз деңгээлинен 3төн 4 миң м бийиктикте). Илбирс жашаган жерине орточо тилкеленген релңефтерди, жашынууга көп таштуу (шагылдуу) жана анча чоң эмес бадалдуу (карачаналар жана арчалар) дөңдөрдү тандап алат (пайдаланат). Токойлуу жерлерге бир өрөөндөн экинчисине көчкөндө кирет. Кышкысын токойлордун үстүнкү алкактарына тоо эчкилердин артынан кууп барат.

Саны[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстанда көптөгөн тоо кыркаларында дайыма кездешүүчү түр катары саналат. 80-жылдардын башталышына чейин жалпы саны 1400 особдор болгон . Е. Кашкарөв бул цифраны өтө көп берилген деп санап Кыргызстанда илбирстин саны 600-700 особдон ашпайт, б.а. 1000ден көп эмес деп баалаган . Акыркы 10-12 жылда Кыргызстанда бул түрдүн саны 5-10 эсе азайган жана азайуусу уланып жатат. Азыркы убакта бул түрдүн саны 150-250 особдон ашпайт . Илбирстин эң эле көбү Түндүк Тянңшандын бийик тоолорунда. Алайда, Ички жана Борбордук Тянңшанда болжол менен анын жыштыгы бирдей, Батыш Тянңшанда саны эң аз .Дүйнөлүк популяциясында түрдүн саны 5-7 миң особго барабар. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Отурукташып жашайт. Күүгүмдө жана түнкүсүн активдүү, кыш менен жазында туяктуулар күндүз активдүү кезде, илбирс да күндүзү кездешет. Кууту февралң- мартта, 98-103 күн көтөрүп 1-3 (чанда 5 ке чейин) тууйт. Ургаачысы 2 жылда бир жолу гана тууйт, жыныстыгы эки жашында жетилет. Негизги табылгасы - тоо эчкилер, аркарлар, суурлар, чанда - эликтер, маралдар, камандар, коөндор, уларлар, кекликтер. Ооруусу толук изилденген эмес, кутурма жана котур оорулар менен ооруганы белгилүү .

Чектөөчү факторлор[оңдоо | булагын оңдоо]

XIX кылымдын аягынан тартып Кыргызстанда илбирс аңчылык түр болгон, ушул себептен XX кылымдын биринчи жарымында анын саны азайып кеткен. 1948-жылдан тартып ага аңчылык кылууга тыюу салынгандыктан санын азайганы токтогон, бирок кой чарбасынын өнүгүшү жана тоолорду өздөштүрүү жапайы туяктуу жаныбарларды сүрүп чыгышты, ошондуктан алардын саны кескин кыскарды. Ушул себептен илбирстин саны кыскарды. Акыркы он жылда кайрадан браконңерлердин саны өстү.

Көбөйтүү (колдо багуу)[оңдоо | булагын оңдоо]

Дүйнөнүн көпчүлүк зоопарктарында көбөйтүшөт, анын ичинен КМШнын 6 зоопаркында. Зоопарктарда илбирстин жалпы саны 700 особдон кем эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстандын территориясында аны кармоого 1948-жылдан бери тыюу салынган, ал эми 1959-жылдан тартып лицензиясыз кармоо жана аңчылык кылууга жоопкерчиликти күчөткөн. Эларалык Кызыл китепке жана «Жапайы фауна жана флоранын жоголуп бараткан түрлөр боюнча эларалык соода-сатык кылуу жөнүндө конвенциясынын» биринчи тиркемесине киргизилген. 1975-жылдан бери Кыргызстандын өзгөчө коргоого алынган түрлөрдүн тизмесине киргизилген. Сарычелек, Бешарал, Нарын, Караталжапырык, 1993-жылы ушул түрдү сактоо үчүн уюшулган Сарычатэрташ коруктардын территорияларында, ошондой эле Аларча, Каракол жана Чоңкемин улуттук жаратылыш парктарына коргоого алынган. 1999-жылдан тартып «Илбирс» аттуу биргелешкен Кыргыз- немис долбоору жана 2002-жылдан бери - Сарычатэрташ коругунун базасынын негизинде илбирсти коргоого жана мониторинг боюнча биргелешкен Кыргыз-америка долбоору иштеп жатат.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[оңдоо | булагын оңдоо]

Алайда илбирсти сактоо үчүн корголуучу территорияны уюштуруу. Жергиликтүү эл арасына илбирсти сактоо боюнча пропаганда жүргүзүү, коргоону күчөтүү жана Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жөнүндө Мыйзамдын белгилүү статңяларын ишке ашыруу (2000 ж).

Статусу[оңдоо | булагын оңдоо]

I I I . Critical l y Endangered, CR C2a( i) : R, C1.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]