Биочөйрөлүк резерваты

Википедия дан
Биочөйрөлүк резерваттары (2013).

Биочөйрөлүк резерваты - жаратылыштын бузула элек бөлүктөрүн калыбында сактап калуу, ошондой эле өзгөрүүгө дуушарланган бөлүктөрүн калыбына келтирүү максатында уюшулган аймак; чарбалык терс таасирди чектеп, мыйзам аркылуу коргоолуучу экономика-экологиялык регион. Ал табигый жана маданий ландшафттан туруп, анда тиричилик кылгандар алдын ала иштелип чыккан табиятты коргоо жана бузулган аймакты калыбына келтирүү планы боюнча иш жүргүзөт. Алгачкы биочөйрөлүк резерваттар 1970-ж. табиятты коргоо, илимий изилдөө иштерди жүргүзүү үчүн ЮНЕСКОнун эл аралык «Адам жана Биосфера» программасынын чегинде түзүлө баштаган. Бүгүнкү күндө биосфералык резерват жөнүндө түшүнүк Севильяда (1995) болуп өткөн ЮНЕСКОнун эл аралык конференциясында калыптанган. Биочөйрөлүк резерваты үч негизги бөлүктөн ядролук (биотүрдүүлүк жакшы каралган жана жаратылыш зонасы баштапкы абалда сакталган), буфердик (өтмө) жана өнүгүү (узак мөөнөткө чөйрөнү туура пайдалануу) зоналарынан турат. Анын негизги функциялары: коргоо (экосистемалардын жана ландшафттардын генетикалык ресурстарын сактоо), колдонуу (экономикалык жана социалдык өнүгүүнү туура жолго коюп, узак мөөнөттө кармап туруу) жана материалдык базалык (демонстрациялык долбоорлорду колдоо; айлана чөйрөнү коргоо боюнча адистерди даярдоо; чөйрөнү коргоо боюнча жергиликтүү, улуттук жана глобалдык проблемаларды изилдөө жана аларга көзөмөл жүргүзүү). Кыргызстандагы Ысык-Көл биочөйрөлүк резерваты 2001-ж. уюшулган.Т. Асыкулов.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]