Буулануу

Википедия дан
Буулануу. Заттын бууга айланышы заттын ачык бетинен гана болууда

Буулануубууга айлануунун бир түрү, заттын катуу же суюк абалынан газ абалына заттын ачык бетинен өтүшү.

Катуу заттын бууланышы — сублимация деп аталат. Ал эми суюктуктун ачык бетинен жана ичинен бууга айлануу процесси — кайноо деп аталат.

Кайноо. Заттын бууга айланышы суюктуктун ичинен да болууда

Температура жогорулаган сайын моллекулар жылуулук кыймылы күчөп, натыйжада буулануунун ылдамдыгы өсөт. Жабык идиштеги буулануу туруктуу температурада суюктук же катуу зат үстүндөгү бош мейкиндик каныккан бууга толгончо жүрөт. Температура жогорулаган сайын буунун басымы көбөйөт, анын мааниси атмосфералык басымга барабар болгондо суюктук кайнайт.

Буулануунун ылдамдыгы кандайдыр бир убакыт бирдигинде суюктук бетинде пайда болгон буунун өлчөмү менен аныкталат. Буулануу процесси техникада заттар тазалоодо жана суюк аралашмаларды бөлүүдө колдонулат. Буулануу океандык жана жер бетиндеги нымдын атмосферага көтөрүлүүсүндө, жер шарындагы суунун айлануусунда чоң роль ойнойт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6