Жакырчылык

Википедия дан

Жакырчылык – жеке адамдын же анын үй-бүлөсүнүн кирешеси алардын негизги керектөөсүн канааттандырбаган абал. Жакырчылык кандайдыр бир көрсөткүчкө ээ эмес. Түрлөрү: а) абсолюттуу мамиле – тиричилик минимумун же жакырчылык деңгээлин белгилөөнү түшүндүрөт; б) салыштырмалуу мамиле – орто кирешенин 50% деңгээлинде жакырчылык чегин белгилөөнү түшүндүрөт; в) субъективдүү мамиле. Көрсөтүлгөн мамиленин бирин да жакырчылыкты аныктоодо так деп атоого болбойт. Жакыр элдин динамикасы‚ курамы жана социалдык кыймылдуулугу олуттуу болуп саналат. Жакырчылык көрсөткүчү жакырчылык деңгээлинен – (жакырчылык чеги) төмөн жашаган‚ башкача айтканда кирешеси тиричилик минимумунан аз калк­тын үлүшү болуп эсептелет. Бул көрсөткүч өз кезегинде кирешени бөлүштүрүүнүн теңсиздигине жана жакырчылыктын чегинин жогорулашына жараша болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]