Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби

Википедия дан

Кыргыз Республикасынын Кызыл китебинин экинчи чыгарылышы биринчисинен 20 жылдан кийин чыгып отурат. 2005 ж. кайрадан такталган жаңы тизмеге сейрек жана жоголуп кетүү коркунучунун алдында турган козу карындардын 4 түрү, өсүмдүктөрдүн 83 түрү, жөргөмүштүн 1 түрү, курт-кумурскалардын 17 түрү, балыктардын 7 түрү, жерде-сууда жашоочулардын 2 түрү, сойлоп жүрүучүлөрдүн 8 түрү, канаттуулардын 57 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 23 түрүнүн макалалары берилди. Басылма, биринчи иретте, Кыргызстандын жаратылышынын сакталуусуна жооптуу мамлекеттик мекемелердин кызматчыларына, ошондой эле, экологдорго жана биологиялык ресурстарды колдонуучуларга арналган. Редакциялык кеңеш: