Жөргөмүш

Википедия дан
Желедеги жөргөмүш (Linyphiidae).
Ички түзүлүшү.
Желе.

Жөргөмүштөр (лат. Araneae) — жөргөмүш сымалдар классындагы муунак буттуу жаныбарлар түркүмү.

Денесинин узундугу 0,7 мм ден 11 см ге жетип, баш-көкүрөк жана курсак бөлүгүнөн турат. Баш-көкүрөгүндө 8 көзү, 6 жуп буту бар. 1-жубу (хелицер) азыгын карман өлтүрүү, душмандарынан коргонуу, 2-жубу сезүү, калган 4 жуп буту басуу кызматын аткарат. Курсагынын асты жагында алдыңкы жуп өпкө баштыкчасы, ортосунда 2-жуп өпкө баштыкчасы же дем алуу түтүгү орун алган. Курсагынын артында жайгашкан желе сөөлдөрү бөлүп чыгарган суюк заттар абада курган, ичке жибекке окшогон желе жибин пайда кылат.

Бардык Жөргөмүштөр (суу жөргөмүштөн башкасы) кургакта жашайт; алардын сезүү, көрүү, жыт алуу, угуу, желенин кыймылын билүү сезимдери бар. Жөргөмүштөр жырткычтар, көбүнчө курт-кумурска менен азыктанат. Эркеги ургаачысынан кичине. Ургаачысы жумурткасын желеден жасалган пиллага тууйт. Жөргөмүштөрдүн көбөйүшү метаморфозасыз. Жер жүзүндө Жөргөмүштөрдүн 21 миңге жакын түрү белгилүү. Жөргөмүштөрдүн желесинен астрономиялык аспаптарга керектүү жиптер даярдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.

Калып:Bio-stub