Метаморфоз
Метаморфоз (грекче metamjrphōsis – айлануу) – 1) жаныбарларда – организмдин түзүлүшүнүн личинкадан жетилген особго айлануу процессиндеги терең өзгөрүүлөр. Метаморфоз жаныбарлардын жеке өөрчүсүндө – онтогенезде жашоо шарты менен жашоо мүнөзүнүн кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу келип чыккан. Мисалы, сууда эркин сүзүп жүрүүдөн бир нерсеге жабышып жашоого, суудан кургакка же абага ж. б. өтүүдөгү өзгөрүүлөр. Метаморфоз менен өөрчүүчү жаныбарлардын тиричилик циклинде жетилген жандыктан кескин айырмаланган эч болбогондо бир личинка стадиясы болот. Метаморфоз мүнөздүү жаныбарлар онтогенездин тигил же бул стадиясында түрдүү функция аткарып, түрдүн сакталышына жана өркүндөшүнө түрткү берет. Жөнөкөй омурткасыздарда (былпылдактар, ичеги көңдөйлүүлөр ж. б.) сууда эркин сүзүп жүрүүчү личинкалары түрдүн таралышын камсыздайт. Мындай метаморфоз жыныстык же жыныссыз көбөйүүчү муун алмашуу менен татаалданат. Муун алмашуусуз метаморфоздо жумурткадан личинка чыгып, түрдүн таралуусун камсыз кылат. Деңиз жаныбарлары тузсуз сууга жана кургакка жашоого өткөндө өөрчүүнүн личинка стадиясын жоготкон. Курт-кумурскалардын канатынын өөрчүшү алардын онтогенезинин өзгөрүшүнө алып келген. Эгер түйүлдүктөн кийинки алгачкы стадиясы жетилген формасына (имаго) окшош болсо, жумурткадан жетилген курт-кумурскага окшош личинка (нимфа) өөрчүп, андан аркы өөрчүшүндө акырындап канаты чыгат. Бул толук эмес айлануу же гемиметаболия деп аталып, ийнелик, таракан, термит ж. б. жаныбарларга мүнөздүү. Эгер онтогенезде негизги функциялар кескин өзгөрүлсө, толук айлануу же голометаболия делет. Бул учурда курт сымал личинка жетилген курт-кумурскага окшобойт. Ал жетилген формасына куурчакча стадиясынан кийин өтөт. Омурткалуулардан метаморфоз миногаларда даана байкалат. Алардын личинкасы ылайда жашаса, жетилгендери балыктын жарым-жартылай митеси; жерде-сууда жашоочулардын жумурткасынан личинка – көнөк баш чыгып, метаморфоздун натыйжасында личинка органдары жоголуп, жетилген жаныбардын органдары пайда болот. Метаморфозду гормондор жөнгө салып турат; 2) өсүмдүктө – өсүмдүктүн негизги органдарынын онтогенезде аткарган кызматы же кызмат аткаруу шарты өзгөргөн учурда түрүн өзгөртүшү. Чөп өсүмдүктө жагымсыз мезгилде жер үстүндөгү өркүнү өлүп, тамыр-сабак, пияз-түп ж. б. өтөт. Алар азык заттарды сактайт. Көпчүлүк учурда метаморфозго жетилген органдар эмес, алардын бүчүрлөрү дуушарланат. Мисалы, өркүндүн айрым бөлүгүнүн жана жалбырагынын тикенге, мурутчага айлануусу. Өсүмдүктүн өөрчүшүндөгү жашоо шартынын өзгөрүшү тигил же бул органдын функциясынын өзгөрүшүнө, ал өз учурунда органдын жаңы функцияны аткарууга ыңгайланышына алып келет. Аны кургакчыл жерде өскөн өсүмдүктөрдүн сабагы менен жалбырагынан байкоого болот. Мисалы, кактустун сабагы фотосинтездөөчү органга айланып, бууланууну азайтуу үчүн жалбырагы тикен болуп өзгөргөн. Сабагы суу топтоо функциясын аткарып, жоон жана жашыл түстө. Бадыраң, жүзүм, коондун муруттары – түрүн өзгөрткөн жалбырак. Нымдуу жана жарык жетишсиз жерде өскөн лианалардын жер үстүндөгү өркүнү мурутчага (жармашкыч орган) айланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7