Угуу

Википедия дан
Угуу

Угууорганизмдин үн толкундарын кабыл алуу жөндөмдүүлүгү.

Угуу тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал угуу анализатору аркылуу ишке ашат (Анализаторлор). Кишилер өз ара угуу аркылуу байланышат. Жакшы угуу врачтарга, музыканттарга, педагогдорго, телефонисттерге өтө зарыл. Үндү ички кулакта жайгашкан сезгич нерв клеткалары кабыл алат. Үн дүүлүгүүлөрү угуу нерв талчалары аркылуу мээ кыртышына өтүп угулат. Угуу органынын (кулактын) физиологиялык дүүлүктүргүчү — үн, башкача айтканда абанын же башка чөйрөнүн (мисалы, суунун) термелүү кыймылы болуп саналат. Үндү угуу ар кимдики ар башка болот, ошондой эле ар кайсы үнгө кулактын сезгичтиги бирдей эмес. Добуш күчөгөн сайын үндү сезүү да күчөйт, бирок добуштун күчү белгилүү бир ченемге жеткенде үндүн күчөгөндүгүн кулак сезбей, анда басым, ооруган сезим пайда болот. Катуу добуш угуу жөндөмүн төмөндөтөт, жымжырт тынч шартта угуу тез эле кайра калыбына келет. Угуу реакциясын кичине балдардан байкаса болот: эмчектеги бала башын үн чыккан жакка бурат. Угуу отит, отосклероздо начарлайт.

Сүйлөөгө байланышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кишинин угуусу сүйлөө менен өз ара байланышта болот. Балдарда адегенде сөзгө түшүнүү пайда болуп, андан кийин гана сүйлөөгө үйрөнүү башталат, ошондуктан жаңыдан тили чыгып келаткан балдардын угуусунун бузулууларынын кандай түрү болбосун, алар анын тилинин чыгышын кечиктирет же дүлөй-дудукка алып келиши мүмкүн.

Изилдөө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Угууну изилдөөдө ар түрдүү ыкма колдонулат. Алардын ичинен сөздүн жардамы менен изилдөө эң жөнөкөй жана жеңил ыкмалардан болуп эсептелет. Практикада 6—7 м аралыктан шыбыраган сөздү айырмалоо нормалдуу угуу болот. Угуу жөнүндө так маалыматтарды алуу үчүн атайын аспаптар (камертон жана аудиометр) менен изилдөө жүргүзүлөт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8