Мазмунга өтүү

Жөргөмүш сымалдар

Википедия дан
Жөргөмүш сымалдар.

Жөргөмүш сымалдар (лат. Arachnida) — омурткасыз жаныбарлардын бир классы. Дене узундугу 0,1 ммден 17 смге жетип, баш, көкүрөк жана курсак бөлүгүнөн турат. Баш көкүрөгүндө 8 көзү, 6 жуп буту бар. 1-жубу (хелицер) азыгын кармап өлтүрүү, душмандарынан коргонуу, 2-жубу сезүү, калган 4 жуп буту басуу кызматын аткарат. Курсагынын асты жагында алдыңкы жуп өпкө баштыкчасы, ортосунда дем алуу түтүгү орун алган. Курсагынын артында жайгашкан желе сөөлдөрү бөлүп чыгарган суюк заттар абада кургап, ичке жибекке окшогон желе жибин пайда кылат. Бардык жөргөмүш сымалдар (суу жөргөмүштөн башкасы) кургакта жашайт; сезүү, көрүү, жыт алуу, угуу, желенин кыймылын билүү сезимдери бар. Алардын көбү жырткыч, көбүнчө курт-кумурска менен азыктанат. Сырткы түзүлүшү, көбөйүү жолдору ар кандай. Эркеги ургаачысынан кичине. Ургаачысы жумурткасын желеден жасалган пиллага тууйт. Жөргөмүш сымалдын көбөйүшү метаморфозасыз. Азыр алардын 13 түркүмү, 60 000дей түрү белгилүү. Бир нече ондогон түрү тукум курут болгон. Бул түркүмдөрдүн ичинен өтө кеңири тарагандары: чаяндар, музоо баштар, чаян сөрөйлөр, чалгы буттар, жөргөмүштөр, кенелер. Кээ бир түрү түрдүү жугуштуу оору таркатат. Кампа кенелери азык-түлүктөргө өтө чоң зыян келтирет. Өзгөчө Борбордук Азияда жашаган кара курт менен чаяндын уусу өтө коркунучтуу жөргөмүш сымалдардын көпчүлүк түрү айыл чарба зыянкечтерин жеп, пайдалуу.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]