Омурткасыздар

Википедия дан
Немертиндер

Омурткасыздар (Invertebrata) — омуртка тутуму жок жаныбарлардын көп сандаган тобу. 19-кылымдын башында франциялык биолог Ж. Б. Ламарк жаныбарлар дүйнөсүн омурткалууларга жана омурткасыздарга бөлгөн. Омурткасыздар 16–23 жана андан көп типке бөлүнөт. Буларга жөнөкөйлөр, былпылдактар, ичеги көңдөйлүүлөр, ийне терилүүчүлөр, моллюскалар, муунак курттар, жөнөкөй курттардын бир нече типтери, муунак буттуулар ж. б. кирип, 1–2 млнго чейин түрдү камтыйт. Ал эми омурткалуулар типчесине 45 миң гана түр таандык. Омурткасыздардын өтө көп саны муунак буттуулар, алардын көпчүлүк түрлөрүн курт-кумурскалар түзөт (1 млндон ашык). Омурткасыздар бардык жерде – тузсуз сууда, океан, деңизде, кургакта, топуракта таралган. Көбү – өсүмдүк жана жаныбар мителери. 1 млрд жыл мурун бир клеткалуулардан көп клеткалуулар келип чыккан. Кембрий мезгилинде омурткасыздардын көп типтери жашаган. Алардын байыркы калдыктары түрдүү Геологиялык чөкмө тектердин курамын түзгөн. Геологиялык чөкмөлөрдүн жашын, курамын аныктоодо, адам турмушунда жана табиятта омурткасыздардын мааниси чоң. Омурткасыздардын ичинде тамак-ашка пайдаланылуучулары, куштарга, балыктарга жем болуучулары бар. Айрымдары – өсүмдүк жана айбанат зыянкечтери.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]