Немертиндер

Википедия дан
Micrura alaskensis

Немертиндер (Nemertini) – омурткасыз жаныбарлар тиби. Денеси курт сымал, узундугу 0,5 ммден 30 мге, туурасы 9 ммге жетет. Баш жагында оозу, сезүү органдары жана тумшук тешиги болуп, андан узун, булчуңдуу тумшугун коргонуу жана кол салуу үчүн чыгарат. Денеси түктүү эпителий менен капталган. Анын астында көп катмарлуу күчтүү булчуңу бар. Дене көңдөйү паренхима менен толгон. Түз ичегиси арткы учунда ануска ачылат. Кан айлануусу жабык. Бөлүп чыгаруу органы жакшы өрчүгөн. Нерв системасы мээ түйүнүнөн жанаузата кеткен нерв талчалардан турат. Айрым жыныстуу. Бир классы, 800дөй түрү бардык океан, деңиздердин көбүнчө түбүндө жашоочу жырткычтар, айрымдары моллюска, краб жана деңиз жылдыздарынын митеси жана симбионту. 30дай түрү тузсуз сууда, 10дон ашык түрү топуракта (жерде) жашайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]