Талас дарыя

Википедия дан
Талас.

ТаласКыргызстандын түндүк батышындагы дарыя, Талас өрөөнүндө. Узундугу 661 км, алабынын аянты 52 700 км2 (анын 9240 км2 тоолуу бөлүгүндө). Кыргыз жана Талас Ала-Тоосунан башталган Каракол жана Үчкошой сууларынын кошулушунан пайда болуп, кенен өрөөн аркылуу батыш тарапка агатда, Моюн-Кумда (Казакстан Республикасы) соолот. Жогорку агымында өрөөнүнүн жазылыгы 20 км. Ортоңку агымында салааларга бөлүнүп, майда таш кумдуу шилендилерди пайда кылат. Жээктери саздуу. Негизги куймалары: Калба, Беш-Таш, Үрмарал, Күмүштак, Суулу Бакайыр, Кара-Буура (сол), Кеңкол, Нылды (оң). Негизинен мөңгү, кар, булак сууларын куралат. Жылдык орточо чыгымы 32,7 м3/сек, жогорку агымында (чатынан 555 км) 15,7 м3/сек, Тараздан жогорураакта 27,4 м3/сек. Эң көп чыгымы июлда (130 м3/сек), азы апрелде(8,95 м3/сек) байкалат. Май айындакирип, октябрда тартылат. Декабрда тоңуп, мартта ачылат. Алабында жалпы аянты 120,7 км2ге жеткен 202 мөңгү бар. Сугатка пайдаланылат. Төмөнкү агымында Карабуура суусу курулган. Жээгинде Талас шаары, Көпүрө-Базар, Карой, Миңбулак, Кызыладыр, Покровка жана башка кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]