Беш-Таш суусу

Википедия дан
Беш-Таш
Мүнөздөмө
Узундугу 54 км
бассейндин аянты 314 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Талас облусу
Район Талас району

Беш-Таш суусу - Талас районундагы суу, Талас дарыясынын сол куймасы. Узундугу 54 км, алабынын аянты 314 км2. Талас Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүндөгү Бешташ ашуусундагы мөңгүдөн башталып, кууш Бешташ капчыгайы аркылуу түндүк-батышты карай агат. Талас өрөөнүнө чыкканда түндүккө бурулат. Жылдык орточо чыгымы 3,55 м3/сек; байкалган эң көп чыгымы 55,4 м3/сек, эң азы 0,37 м3/сек. Июнь айында кирип, августта тартылат. Жалпы узундугу 192 км ге жеткен 88 куймасы бар. Эң ирилери: Кайыңды, Өмүр, Карагайлы, Терек, Туюктөр, Коргоншанык (сол), Корумду, Кыркколот, Төбөй, Атчыкпас (оң). Алабында жалпы аянты 0,79 км2 келген 7 тоо көлү бар; эң ириси Бешташ көлү. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Козучак, Балбал, Хивинка кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]