Суулу Бакайыр
Суулу Бакайыр, (Бакайыр сай) — Кара-Буура районундагы суу, Талас суусунун сол куймасы. Узундугу 43км, алабынын аянты 196км2. Талас Ала-Тоосунун түндүк капталынан башталат. Жогорку агымы кууш капчыгай аркылуу шар агат. Төмөнкү агымында нугу кеңейип тайыздайт. Акчий айлынан 5,5 км түндүк-чыгыштан агымы үзүлөт. Суу куралуу аянтынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктги 2750 м. Суу башында көл (аянты 0,05 км2) жана жалпы аянты 1,5 км2 болгон майда мөңгүлөр бар. Жалпы узундугу 33км келген 13 өзөн куят. Эң ириси – Курубакайыр(12 км). Кар, мөңгү (90%) жана жаан-чачын сууларынан куралат. Май – октябрь айларында ташкындап, ноябрь – апрелде тартылат. Көп жылдык орточо чыгымы 0,65 м3/сек. Июлда сууга өтө мол (орточо чыгымы 1,66 м3/сек), декабрь – марттарда сууга өксү (0,30 м3/сек) болот. Эң көп чыгымы 3,4 м3/сек, эң азы 0,05– 0,1 м3/сек. Сугатка пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2
- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Archived 2016-03-27 at the Wayback Machine Бишкек: 2004 ISBN 9967-14-006-2
Интернеттеги шилтеме
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Инвестиции в Таласскую область :: Перспективные виды (жеткиликсиз шилтеме)