Каракол, агын суу (Талас)

Википедия дан

Каракол - Талас районунун аймагы аркылуу аккан суу, Талас суусунун оң куймасы. Узундугу 100 км, алабынын аянты- 1160 км2. Кыргыз жана Талас Ала-Тоолорунун кошулган жеринен башталат. Ири куймалары: Жарташ, Кумбел, Талдыбулак, ошондой эле ондогон майда куймалары, алабында бир нече майда көл бар. Жылдык орточо чыгымы 7,64 м3/сек; эң көбү 33,9 м3/сек, эң азы 0,95 м3/сек. Апрелдин аягында кирип, сентябрда тартыла баштайт. Сугатка пайдаланылып, бир нече каналга бөлүнөт. Жээгинен Көпүрө- Базар, Арал, Чат-Базар сыяктуу кыштактарда орун алган.

булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, Бишкек 2004, ISBN 9967-14-00-6-2