Үрмарал

Википедия дан

ҮрмаралТалас Ала-Тоосунун түндүк капталынан башталган суу. Бакай ата районунун аймагында. Узундугу 69км, алабынын аянты 1130 км2, анын 3 %ин мөңгү, түбөлүк кар ээлейт. Үрмаралдын 207 куймасы бар; ирилери: Бешкөл, Чийимташ, Чоң жол, Кара коюн. Алабында 27 майда көл (жалпы аянты 0,99 км2), 41 мөңгү (35,8 км2) бар. Кар, мөңгү сууларынан куралат. Көп жылдык орточо чыгымы 8,7м3/сек,эң азы 0,70 м3/сек,эң көп чыгымы 30,5 м3/сек. Май айында кирип, сентябрь–октябрда тартылат. Жылдык агымынын 52%и июль–сентябрь айларына туура келет. Сугатка пайдаланылат. Суу өткөрүүчү жөндөмдүүлүгү 19,3м3/сек келген 11 сугат каналы чыгарылган. Эң ириси Бакаташ (4,0 м3/сек). Өрөөндө Үрмарал, Миң булак кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]