Үчкошой

Википедия дан

Үчкошой–суу, Талас суусунун сол куймасы. Талас Ала-Тоосунун түндүк-чыгыш капталынан башталат. Узундугу 40 км,алабынын аянты 1210км2,анын 10км2дейи түбөлүк кар,мөңгү менен капталган. Үчкошойдун 268 куймасы бар; ирилери: Чоң кошой, Орто кошой, Жылаңач кошой, Жаргарт, Балачычкан. Алабында 17 майда көл (жалпы аянты 0,26км2) бар.Кар,мөңгү жана жамгыр сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы(Карой кыштагы тушта) 9,20 м3/сек (1958). Суусу май-июлда кирип, сентябрь–октябрда тартылат.Сугатка пайдаланылат. Өрөөнүндө Карой, Сасык булак, Кеңеш, Чоң токой кыштактары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]