Моюн-Кум

Википедия дан

Моюн-Кум (каз. Мойынқұм, өзб. Mo'yinqum) — Орто Азиядагы кумдуу чөл, Казакстандын түштүгүндө. Бетпак-Талаадан түштүгүрөөк. Түштүгүндөгү Кара-Тоо, Кыргыз Ала-Тоосу менен түндүгүндөгү Чүй дарыясынын төмөнкү агымынын аралыгында. Бийиктиги түндүгүндө 300 м, түштүгүндө 700 мге чейин. Бор мезгилинин деңиздик кум жана Чүй дарыясынын чөкмөлөрү менен капталган. Капталдарында ак сөксөөл, түлкү машак өскөн кум жалчалары басымдуу; оёң бөлүгүндө жузгун, шыбак өсөт. Жылаңач бархандар да кездешет. Кышкы жайыт, кыртыш суулары жер бетине жакын жаткан жерлери дыйканчылыкта пайдаланылат.

Моюн-Кум чөлү, Моюнкум ооданы, Казакстан

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]