Кара-Тоо

Википедия дан
Кара-Тоо

Кара-ТооКазакстандын Жамбыл жана Кызыл-Ордо облусунун аймагында жайгашкан Теңир-Тоонун түндүк-батыш тармагы, Сыр-Дарыя, Чүй, Талас дарыя алаптарынын суу бөлгүчү.

Узундугу 420 км. Эң бийик жери 2176 мге чейин (Бессаз чокусу). Сланец, кумдук, акиташ теги жана доломит тоо тектеринен турат, карст формалары өрчүгөн. Кыры жайпак, капталдары тик. Орто бийик тоо рельефи басымдуу. Капталдарында бетеге-тулаңдуу талаа басымдуу; ксерофит өсүмдүктөрү кездешет. Тоо өрөөндөрүнө тугай токойлору жана бадалдары мүнөздүү. Полиметалл рудалары (Мыргалым-Сай, Кен-Тоо, Ачы-Сай), фосфорит кендери (Кара-Тоо фосфорит бассейни) бар.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]