Кумдуу чөл

Википедия дан
Кумдуу чөл (Перу‎).

Кумдуу чөл — кумдуу рельеф мүнөздүү чөл. Кум түпкү тектердин бузулушунан, байыркы аллювий жана деңиз чөкмөлөрүнүн шамал менен учуп келишинен пайда болот; шамалдын таасиринен жалчалар, бархандар, кум дөбөлөр ж. б. рельефтин формалары түзүлөт. Кумдуу чөл башка чөлдөргө караганда жер астындагы сууларга бай келип, өсүмдүктөр арбыныраак өсөт да, чарбада жайыт катары кеңири пайдаланылат. Кумдуу чөлчдөр Орто (Кара-Кум, Кызыл-Кум) жана Борбордук Азияда (Такла-Макан, Алашань), Африкада (Эрг), Түндүк Америкада кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]