Мазмунга өтүү

Такла-Макан

Википедия дан
Такла-Макан.

Такла-Макан (уйгурчадан сөзмө-сөз – кароосуз ээн калган жер) – Кытайдын батышындагы Тарим түздүгүнүн борбордук бөлүгүнөн орун алган чөл. Дүйнөдөгү эң ири кумдуу чөлдөрдүн бири. узундугу батыштан чыгышка карай 1000 кмден, туурасы 400 кмге чейин. Бийиктиги 800–1300 м, бирок айрым токол тоолор 1664 мге (Чоң Тоо) чейин бийиктейт. Тарим дарыясынын жана анын куймаларынын аллювий чөкмөлөрүнүн узак жылдар бою топтолушунан жана шамал менен таралуусунан пайда болгон. Чөлдүн аянты 300 миң км2ден ашык, кумдун калыңдыгы 300 м. Түштүк-чыгышында бархандар жана узундугу 10–13 кмге жеткен кум жалчалары, чет жакаларында шор топурактар таралган. Климаты кескин континенттик. Жаан-чачын аз (жылына 50 мм), атмосферасы чаңдуу. Чөлдүн батышынан жана түндүк четинен Тарим дарыясы агып өтөт. Жаан-чачын көп жааган жылдары чөлдөн Хотан дарыясы агып, Таримге куят (калган дарыялары Кунь-Лундан башталып, чөлдү аралап агып, кумга сиңип кетет). Аймагынын көпчүлүк бөлүгүндө өсүмдүк өспөйт. Кыртыш суулары жер бетине жакын жайгашкан айрым жерлеринде тамариск, баялыш, дарыя өрөөндөрүндө теректүү тугай бадалдары, чанда оазистер кездешет (негизинен Тарим жана Жаркенд дарыясынын боюнда). Туруктуу жашаган калкы жок.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]