Барак айылы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Барак айылы - Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айыл-өкмөтүнүн, Барак айылында жалпысынан 100гө жакын түтүн бар.Калкынын саны 500 дөн ашуун. Бул айылдын тургундары 100 пайыз кыргыз улутунда жана Кыргызстандын жарандары болушат. Барак айылы анклав болуп саналат. Себеби бул айыл Озбекстан айылдары менен курчалган,эч бир жагы Кыргызстан менен чектешпейт. Бул айылдын тургундарынын глабалдуу проблемасы жол маселеси болуп саналат,себеби тургундар 3-4 постон паспортторун корсотуп отушот. Адамдар той кылышса же олум-житим болсо,жакындары,туугандары айылга кире алышпайт,себеби барактыктардан башка эч кимди киргизбейт.Азыркы учурда барактыктар Өзбекстан жолду жаап койгондугуна байланыштууу бир жылдан бери Кызыл-Кыя менен Баракка кирип чыгыштат. Баракка Фергана, Андинажан областары аркылуу өтүп барышат. транзиттик машрут бир аптада бир жолу эле каттайт. жол узактыгы 8-10 саат. Азыркы учурда барак элинин көпчүлүк бөлүгү Барактагы үйлөрүн таштап Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак, Тельман айылдарындагы жаңы конуштардан жер участокторун алып, үй салып көчүп чыгып кетишип жатат. Айрымдары тагыраагы көпчүлүк бөлүгү квартираларда жашап жатышат. Барак айылынын жол маселеси качан чечилээри белгисиз.