Шаар калкы 20 900 адам. Негизги калкы кыргыздар жана өзбектер, андан сырткары татар, орус, уйгур, тажик ж.б. улуттардын өкүлдөрү жашашат. Шаарда К. Жакыпов атындагы таланттуу балдар гимназиясы, Манас, Ленин, Бабур атындагы кыргыз, орус, өзбек тилиндеги мектептер болуп жалпы тогуз мектеп ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат, бир музыкалык мектеп иштейт. Ж. Бөкөмбаев атындагы парк, Ала-Тоо кинотеатры эс алуучу шаардыктарды тейлейт. Шаардын чыгыш тарабында өлкөнүн жана ушул аймактын экономикасында маанилүү роль ойногон белгилүү Кара-Суу базары жайгашкан. Батышында райондук оорукана жайгашкан. Кара-Суу темир жол бекети да ушул шаарда.