Кара-Суу (шаар)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Шаар
Кара-Суу
орус. Кара-Суу
Герб
Герб
Өлкө Кыргызстан
Облус Ош облусу
Район Кара-Суу району
Координаттар 40°42′0″N 72°53′0″E / 40.70000°N 72.88333°E / 40.70000; 72.88333Координаттары: 40°42′0″N 72°53′0″E / 40.70000°N 72.88333°E / 40.70000; 72.88333
Мэр Шамшиев Сыймык Салайдинович
Тарыхы жана Географиясы
Мурунку аталышы Дөлөнчөк
Аянты 38,7 км²
Борборунун бийиктиги 780 м
Калкы
Расмий тили кыргыз тили
Калкы 22 900[1] адам (2012)
Улуттук курамы кыргыздар 80%, өзбектер 12%, тажиктер 2%, уйгурлар 1%, орустар 1%
Диний курамы болжол менен 98% мусулмандар
Этнохороним карасуулук, карасуулуктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996 3232
Автоунаа коду О
Расмий сайты karasuu.kg
Кара-Суу (шаар) (Кыргызстан)
Locator Dot2.gif

Кара-Суу шаары (байыркы кыргызча: 𐰴𐰀𐰺𐰀:𐰽𐰆𐰆; мурдагы аты Дөлөнчөк, Долон-Чек, Долоно-Чек, Дөлөндүн чеги). Ош дубанындагы Кара-Суу районунун борбору.

Шаар калкы 20 900 адам. Негизги калкы кыргыздар жана өзбектер, андан сырткары татар, орус, уйгур, тажик ж.б. улуттардын өкүлдөрү жашашат. Шаарда К. Жакыпов атындагы таланттуу балдар гимназиясы, Манас, Ленин, Бабур атындагы кыргыз, орус, өзбек тилиндеги мектептер болуп жалпы тогуз мектеп ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат, бир музыкалык мектеп иштейт. Ж. Бөкөмбаев атындагы парк, Ала-Тоо кинотеатры эс алуучу шаардыктарды тейлейт. Шаардын чыгыш тарабында өлкөнүн жана ушул аймактын экономикасында маанилүү роль ойногон белгилүү Кара-Суу базары жайгашкан. Батышында райондук оорукана жайгашкан. Кара-Суу темир жол бекети да ушул шаарда.

Кыргызстандагы белгилүү ырчы, саясатчы Ибрагим Жунусов жана ыйык Куранды биринчи болуп кыргызчага, өзбекчеге которгон Алауддин Мансур ушул шаарда туулуп өсүшкөн.

Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]