«Букара» биримдиги

Википедия дан

«Букара» Союзу – Пишпек уездиндеги кыргыздардын кедей жана орто дыйкандарын бириктерген демократиялык уюму. Имаш Көбөков менен Бакретдин Саипбаевдин демилгеси боюнча 1917-ж. май айында түзүлгөн. «Букара» союзунун программасы элдин таламын коргоону, кыргыз элинин революциячыл аң-сезимин көтөрүүнү, демократиялык негизде жана мыйзамдуулукка таянып, кыргыз коомчулугунун турмушун жөнгө салууну белгилеген. Союздун уюштуруу съезди 1917-ж. 9–10-сентябрда Пишпекте өтүп, анын башкармасынын төрагалыгына Казан университетинин юридикалык факультетинин студенти Кожомурат Сарыкулаков, орунбасарлыгына И. Көбөков, Б. Саипбаев жана А. Барменов шайланган. Союздун алдында кооперациялык керек-жарак коому түзүлүп, ага 7159 адам мүчө болуп кирген. 1918-ж. ноябрда анын мүчөлөрүнүн саны 5 миңге жетип, Түркстандагы эң ири коом болгон. «Бухара» союзу большевиктердин жетекчилиги астында Кыргызстандын түндүгүндө Совет бийлигин орнотууда жана чыңдоодо зор роль ойногон. Ал 1918-ж. май айында «Кыргыз пролетарларынын совети» болуп кайрадан түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]